Артем Новиков Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалды
Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. Фонддун уставынын 8-беренесине ылайык, Азиз Аалиев кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматынан бошотулду. Анын ордуна биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Артем 3 жылдык мөөнөткө кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындалды.