Арзыбек Кожошев Алматы шаарында жумушчу сапары менен жүрөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун чакыруусу менен Алматы шаарында иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу МК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  иш сапардын алкагында эки мамлекет ортосундагы кызматташтык боюнча Жумушчу топтун 1-жыйыны өтүүдө.

Кеңешменин жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин, анын ичинде кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы учурдагы кырдаалды карады.

Жыйындын соңунда тиешелүү Протоколго кол коюлат.

Мындан тышкары Алматы шаарында үч өлкөнүн ортосундагы иш-аракеттерди натыйжалуу координациялоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасы, Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясынын бажы жана салык кызматтарынын үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө.

16-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Жаңылыктар 33

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X