Асель Чынбаева балдардын укугу боюнча эл аралык форумга катышты
Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева Астана шаарында өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн «Балдардын үнү: улуттук стратегиялар жана коопсуз санариптик чөйрө» аттуу II Эл аралык форумуна катышты.
Форумдун ишине Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Финляндия жана Кавасаки шаарынын (Япония) балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Түркмөнстандын, Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары, Казакстан Республикасынын Парламентинин депутаттары, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, БУУнун Башкы катчысынын балдарга карата зомбулук маселеси боюнча Атайын өкүлү, доктор Наджат Маалла М’жид катышты.
Пленардык сессиянын жүрүшүндө балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр балдардын укуктарын камсыз кылуу боюнча өз өлкөлөрүнүн улуттук стратегияларын тааныштырды. Форумдун иши «Инклюзивдик чөйрөнү өнүктүрүү жана бардык балдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу» жана «Санариптик чөйрөдө балдарды коргоо жана психологиялык бакубаттуулук» аттуу эки панелдик сессиянын алкагында уланды.
Белгилей кетсек, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн III Эл аралык форуму 2027-жылы Кыргыз Республикасында өтөт.