Айчүрөк Назаралиева, Акыйкатчынын орун басары: Бала — коопсуз чөйрөдө жашоого укуктуу

26-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 92

Жаш муундардын саламаттыгы, коопсуздугу, тарбиясы, укуктарынын корголушу, жашы жете электе никеге туруунун алдын алуу, өспүрүмдөрдүн өсүп-өнүгүүсүнө шарт түзүү күндүн негизги маселелеринен десек жаңылбайбыз. Бул маселелердин алкагында КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Айчүрөк Назаралиева менен маек курдук.

— Айчүрөк Калыбековна, өлкөдө балдардын укугун коргоо багытында абал кандай? Негизинен жарандар балдардын кандай иштери боюнча акыйкаттык керек деп кайрылышат?
— Акыйкатчы Институту жарандардын кайрылууларын кароо менен гана чектелбестен, балдардын укуктарынын сакталышын жеринде текшерет. Мындан тышкары, 115 ишеним телефону иштейт. Ар бир кайрылуу, маалыматтар такталып, зарыл болсо, тиешелүү деңгээлде чаралар көрүлөт. Мисалы, 2026-жылдын 9 айында 36 кайрылуу келип түшкөн. Жарандар көбүнчө алимент өндүрүү, баланын жашаган жерин аныктоо, балдарды сексуалдык зомбулуктан, куугунтуктан коргоо, жөлөк пул дайындоо, ошондой эле билим берүү мекемелеринде жана интернаттарда балдардын укуктарынын бузулушу боюнча кайрылышат. Эркиндигинен ажыратылган аялдардын балдарынын укуктарын коргоо боюнча да кайрылат. Биз жекече даттанууларды кароо менен чектелбестен, балдардын укуктарын камсыздоодо системалуу көйгөйлөрдү да аныктайбыз. Аны менен катар көйгөйлөрдү аныктоого жана алдын алууга багытталган мониторингдерди үзгүлтүксүз жүргүзөбүз.

— Сиздер жүргүзгөн мониторингдерде кандай көйгөйлөр аныкталууда?
— Мисалы, 2025-жылы Бишкектеги №10 мектепке мониторинг жүргүзүлгөн. Мында балдар күндүзгү жана кечки класстарда билим алышат. Текшерүүнүн жүрүшүндө бул мектепке сабактан калган же жүрүм-турумунда көйгөйлөрү бар балдар которулганы аныкталган. Бирок, бул көйгөйлөрдүн себептери тийиштүү түрдө иликтенген эмес, ал эми которулгандан кийин окуучулардын сабакка катышуусуна жана окуудагы жетишкендиктерине тийиштүү көзөмөл камсыз кылынган эмес. Бул иштер мектептин ишинин Уставынын талаптарына жооп бербегендиги сыяктуу мыйзам бузууларды аныктады. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Акыйкатчы институту Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына реакция актысын жөнөткөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында мектептин директорунун милдетин аткаруучу ээлеген кызматынан бошотулуп, тарбия иштери боюнча директордун орун басарына сөгүш жарыяланган. Бул окуя баланын башка мектепке которулушу эле көйгөйдү чечпей турганын көрсөттү. Кыйынчылыктардын себептерин аныктоо, бала менен жекече иштөө жана анын билим алуу укугун ишке ашыра алышы үчүн туруктуу көзөмөл жүргүзүү зарыл. Инистуттун иш планына ылайык, 2024-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда эрте никеге туруу маселеси боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жыйынтыгында жашы жете элек кыздардын арасында эрте никеге туруу учурларынын көп экендиги (21 учур) жана бул көйгөйгө таасир эткен факторлор аныкталган. Андан кийин мониторинг кеңейтилип, 2025-жылы Акыйкатчы Институту, КРнын Президентинин Администрациясына караштуу Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен бирге (Баткен, Талас, Чүй, Ош) 4 облуста жүргүзүлдү. Талдоо көрсөткөндөй, мында системалык мүнөздөгү бир катар көйгөйлөр аныкталган. Мониторингдин жыйынтыгы менен КР Башкы прокуратурасына “Сунуштама” жөнөтүлгөн. Прокуратура органдары кемчиликтер боюнча жер-жерлерде текшерүү иштери уюштурулган. Алсак, прокуратура органдары тарабынан Кара-Суу жана Өзгөн райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында жүргүзүлгөн текшерүүдө 2025-жылы райондун аймагында нике курагын төмөндөтүүдө мыйзамда белгиленген тартиптин бузуусу боюнча бир нече фактылар аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган.

— Өлкөдө майыптыгы бар балдарга түзүлгөн шарттар, алардын билим алуусу толук камсыздалып жатабы?
— Ар бир бала майыптыгына карабастан, жеткиликтүү жана сапаттуу билим алууга укуктуу. Бул укуктун иш жүзүндө камсыз болушу маанилүү. 2024-жылы Акыйкатчы Институту майып балдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн билим алуунун жеткиликтүүлүгүнө мониторинг жүргүздү. Жыйынтыктар майып балдар билим алуу үчүн дайыма эле тең мүмкүнчүлүктөргө ээ боло бербестигин көрсөттү. Айрыкча көп жана оор майыптыгы бар балдар үчүн кыйынчылыктар жаралат. Акыл-эси жайында болсо да, алар зарыл шарттардын жоктугунан мектепке барбай калышы мүмкүн. Кээ бир балдар үй шартында билим алышат, ал эми бир бөлүгү билим берүү системасынан тышкары калууда. Негизги көйгөйлөрдүн катарына имараттардын жеткиликтүү эместиги, даяр педагогдордун, атайын окуу материалдарынын жана жабдуулардын ошондой эле инклюзивдик билим берүү үчүн шарттардын жетишсиздиги кирет. Мониторингдин жыйынтыгында Акыйкатчы Институту мектептердеги шарттарды жакшыртуу, жардамчы мекемелерди модернизациялоо ишин өркүндөтүү зарылдыгын баса белгилейт.

— Балдар үйлөрүндө тарбияланып жаткан балдар тууралуу маалымат берсеңиз?
— Өлкөнүн интернат мекемелеринде 8 миңден ашык бала, анын ичинде жетим балдар, ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдар, жарым жетимдер, ошондой эле мекемелерге убактылуу жайгаштырылган же үй-бүлөдөн алынган балдар бар. Көптөгөн мекемелерде балдардын коопсуздугун көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген, анын ичинде видеомаалыматтарды көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдарга өткөрүп берүүчү видеобайкоо камералары орнотулган. Ошол эле учурда, Акыйкатчы институтунун мониторингдеринин жыйынтыктары мекемелердин бардыгында балдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл шарттар түзүлбөгөндүгүн көрсөтүүдө. Мисалы, Чүй облусундагы балдар мекемесин мониторинг учурунда аймакты тосуучу тосмонун жоктугу аныкталып, акыркы эки жылда 6 бала качып кеткен учурлар (бардыгы табылган) катталган. Мекеменин тийиштүү коопсуздугун камсыздоо үчүн 30 гектардан ашык аянтка туура келген тосмону орнотуу талап кылынат. Бул жагдай балдардын коопсуз жашоосун камсыздоо жана мекеменин аймагынан өзүм билемдик менен кетүү учурларын алдын алуу боюнча кошумча чараларды көрүү зарылдыгын билдирет. Аныкталган көйгөйлөрдүн катарында санитардык талаптардын сакталбагандыгы, психологдордун жетишсиздиги, имараттардын жана санитардык түйүндөрдүн белгиленген талаптарга жооп бербегендиги белгиленген. Балдар интернатта мыйзамдуу негизде гана болушу керек, ал эми мамлекет алардын коопсуздугун, жашоо шартын жана укуктарын коргоону камсыз кылат.

— Соңку кездери интернет жана социалдык тармактар аркылуу жаштарды, алардын катарында жаш балдарды ар кандай мыйзамсыз аракеттерге, оңой акча тапканга азгыруу иштери катталууда. Бул иштерди алдын алууга болобу?
— Акыйкатчы Институтуна жашы жете элек балдардын интернет аркылуу баңгизат ташууга тартылышы боюнча өзүнчө кайрылуулар түшкөн эмес. Ошол эле учурда, бул маселе өзгөчө көңүл бурууну талап кылат деп эсептейбиз. Анткени интернет жана социалдык тармактар аркылуу балдарды ар кандай мыйзамсыз аракеттерге азгыруу алардын коопсуздугуна, ден соолугуна жана келечегине олуттуу коркунуч жаратышы мүмкүн. Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн балдарды жоопкерчиликке тартуу менен гана чектелбестен, аларды баңгизат ташууга эмне түрткү болуп жатканын да аныктоо зарыл. Айрым учурларда балдар оңой акча табуу убадасына азгырылышы же өздөрүнүн аракеттеринин укуктук кесепеттерин толук түшүнбөшү мүмкүн. Ошондуктан, Акыйкатчы Институту балдар арасында алдын алуу иштерин күчөтүү зарыл деп эсептейт. Бул багытта мектептерде жана башка билим берүү мекемелеринде түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү, интернеттеги коркунучтар жана мыйзамсыз аракеттерге тартылуунун кесепеттери жөнүндө маалымат берүү, ата-энелердин жана мугалимдердин маалымдуулугун жогорулатуу маанилүү. Ошондой эле укук коргоо органдарынын, билим берүү мекемелеринин, социалдык кызматтардын жана ата-энелердин өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү зарыл. Эң негизгиси, балдарга карата профилактикалык иштер жазалоого гана эмес, алардын укуктарын коргоого, коркунучтарды өз убагында аныктоого жана мыйзамсыз аракеттерге тартылуусуна жол бербөөгө багытталышы керек. Балдардын коопсуздугун камсыз кылуу мамлекеттин, ата-энелердин жана коомдун жалпы милдети.

26-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 92
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X