Ашуулардагы абал

12-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 21

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдиргендей, 12-мартка карата өлкө аймагындагы бардык авто жолдор ачык болуп, унаалар үчүн эч кандай чектөөлөр киргизилген жок.

Маалыматка ылайык, Төө-Ашуу ашуусу, Ала-Бел ашуусу, Көк-Бел ашуусу, Талдык ашуусу, Өтмөк ашуусу жана Боом капчыгайы сыяктуу жол тилкелеринде унаалар тоскоолдуксуз өтүүдө. Министрликке караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери унаа жолдордо кар тазалоо, кар күрткүлөрүн тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө.

12-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 21
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X