Аскар Салымбеков: Айтматов көтөргөн адам жана табият маселеси бүгүн да актуалдуу
Касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов негиздеген «Ысык-Көл форумунун» 40 жылдыгы белгиленип жатат. Бул мааракелик иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген өкүлдөр катышып, маданият, тынчтык жана адамзаттын келечеги тууралуу ой-пикирлерин ортого салышууда.
Аскар Салымбековдун айтымында, Чыңгыз Айтматов жөн гана залкар жазуучу эмес, бүткүл адамзаттын тагдырына кайдыгер карабаган улуу гуманист болгон. Ал өз чыгармаларында адам менен табияттын ортосундагы мамилени, руханий баалуулуктарды жана адамзаттын жоопкерчилигин терең сүрөттөп кеткен.
Салымбеков форумдун бүгүнкү күндө да өзүнүн маанисин жоготпогонун белгилеп, ага чогулган ойчулдар, саясатчылар жана жазуучулар азыркы дүйнөдөгү олуттуу өзгөрүүлөрдү талкуулап жатканын айтты.
«Бүгүн адамзат табияттагы өзгөрүүлөргө, экологиялык көйгөйлөргө жана адамдар арасындагы мамилелердин өзгөрүшүнө күбө болуп жатат. Менимче, форумга чогулган интеллектуалдар ушул маселелерди талкуулап, алардын чечүү жолдору боюнча сунуштарын беришет» деди.
Анын айтымында Чыңгыз Айтматов көтөрүп кеткен идеялар бүгүн да актуалдуу бойдон калууда. Ал эми «Ысык-Көл форуму» ошол идеяларды жаңы шартта улантып, дүйнөлүк деңгээлдеги маанилүү маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк түзгөн аянтча болуп саналат.