Аскат Алагөзов: Казак акынынын айтыштагы сөздөрү жүрөк жылытты
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов казак төкмө акыны Нурлан Есенкуловдун кыргыз-казак айтышында айткан сөздөрүн бөлүштү.
Ал бул саптар бир тууган эки элдин ынтымагын мындан ары да бекемдөөгө салым кошорун белгиледи.
Алагөзов билдирүүсүндө акындын кыргыз элинин улуулугун даңазалаган саптарын жарыялады.
“Кыргыздын бийиктигин байкасын деп,
Кудайым Ала-Тоодой тоону берген.
Кыргыздын баатырлыгын байкасын деп,
Манастай эрди берди, жоону жеңген.
Биздерден табылсын деп төрдү берген,
Жөн чыгар жакшылыкка белги берген.
Кыргыздын тереңдигин байкасын деп,
Кудайым Ысык-Көлдөй көлдү берген.
Кыргыздын парасатын байкасын деп,
Чыңгыз Айтматовдой эрди берген.
Жалганда казак жалгыз калбасын деп,
Бир тууган кыргызымдай элди берген!”.