Аскердик билеттерди санариптештирүү иши башталды

20-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 106

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 20-январда, Коргоо министрлигине унааларды тапшыруу аземинде аскердик билеттерди санариптештирүү башталганын билдирди.

Анда аталган министрликтин санариптештирүүнүн биринчи этабын, документ жүгүртүүнү, жарандык кадрларды эсепке алууну жана аскердик каттоо процесстерин иретке келтирүүнү ийгиликтүү ишке ашырганы айтылды.

“Аскердик каттоонун электрондук системасы беш аскер комиссариатында пилоттук түрдө ишке киргизилди. Үстүбүздөгү жылдын март айына чейин ал кошумча 25 аскер комиссариатына жайылтылат”, — деп белгиледи Төрага.

20-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 106
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X