Аскердик окуу жайларга кабыл алуу 20-майда аяктайт
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде 2021-2022-окуу жылы аскердик окуу жайларга тапшырууну каалаган абитуриенттердин документтерин кабыл алуу уланып жатат. Аскердик окуу жайларга тапшыруу шарттары жөнүндө маалымат КР КМ официалдуу сайтындагы (www.mil.gov.kg) «Билим берүү» бөлүмүндө жайгаштырылган. Абитуриенттер КР КМ расмий сайтындагы аталган бөлүмүндө онлайн регистрация өтүп, андан кийинки нускама боюнча иш алып барышы зарыл. Документтерди кабыл алуу 20-майда соңуна чыгат.