Асыл тукум чарба статусун алуу үчүн арыздар кабыл алынууда

17-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 83

Республика аймагындагы асыл тукум чарбалардын ишмердүүлүгүн баалоо жана асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү максатында мониторинг жана изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Анын алкагында асыл тукум чарба статусуна ээ болгон чарбалардын учурдагы ишмердүүлүгү текшерилип, белгиленген талаптарга шайкештиги бааланууда. Ошондой эле аталган статуска ээ болууну каалаган жаңы чарбаларда жеринде изилдөө жана баалоо иштери уюштурулууда.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги максаты – асыл тукум чарбалардын ишмердүүлүгүнүн абалын аныктоо, коюлган талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө жана өлкөдө асыл тукум мал чарбачылыгынын өнүгүшүнө өбөлгө түзүү.

Бул багытта асыл тукум чарба статусун алууга кызыкдар болгон фермерлер жана чарба жетекчилери тиешелүү райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына кайрылса болот.

Асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү – айыл чарба тармагынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуунун жана өлкөнүн мал чарбачылык потенциалын чыңдоонун маанилүү багыты.

17-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 83
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X