"Эркин-Тоо"

Ат-Башыда дайынсыз болуп жаткан жарандын сөөгү табылды

Ат-Башыда минип кеткен аты келип, өзү дайынсыз болгон жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын сөөгү 30-июнда Таш-Тумшук тилкесинде суунун жээгинен табылып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп берилген.

30-июнда издөө иштерине Ат-Башы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган.

Эскерте кетсек, 28-июнда Өзгөрүш айыл аймагынын Жаңы-Жер жайлоосунун Беш-Мойнок тилкесинен 1972-жылы туулган И.К. аттуу эркек киши ат минип кетип, аты келип өзү дайынсыз жоголуп, изделип жаткан.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!