Ат-Башыда мыйзамсыз атылган эки тоо теке табылды

1-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 172

Ат-Башы районунда мыйзамсыз аңчылыкка байланышкан дагы бир факты катталды. 2025-жылдын 29-ноябрында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору ыкчам маалыматтын негизинде рейддик иш-чара жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Ат-Башы районунун Босого жайлоосунда Ат-Башы айылынын тургуну Б.Ш. аттуу жаран тарабынан мыйзамсыз жол менен 2 тоо кийик (тоо теке) атылып, эттери олжолонгон факты аныкталды.

Аталган жаран тиешелүү тартипте Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Учурда окуя боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, мыйзам чегинде баа берүү улантылууда.

1-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 172
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X