Ат-Башыдагы таза суу долбоорунун курулуш сапатына тургундар нааразы болушту
Бүгүн, 27-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков Ат-Башы районуна иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Жолугушууда Ат-Башы жана Ак-Жар айылдарын таза суу менен камсыз кылуу долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин сапаты жана жүрүшү талкууланды.
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн маалыматына ылайык, долбоордун жалпы наркы 700 млн сомдон ашат. Ал Азия өнүктүрүү банкынын кредиттик жана гранттык каражаттарынын, ошондой эле республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат. Курулуш иштери 2026-жылдын июнь айында башталып, жалпы 86,9 чакырым суу түтүгүн тартуу пландалган.
Жолугушууда тургундар суу түтүктөрүн тартуу үчүн казылган көчөлөрдүн калыбына келтирилбей жатканына жана курулуш иштеринин сапатына нааразычылыгын билдиришти. Ошондой эле кудуктардын абалы, тендерден үнөмдөлгөн каражаттарды пайдалануу жана көчөлөрдү тегиздөө маселелери көтөрүлдү.
Депутат подрядчы уюмдарга курулуш иштерин техникалык талаптарга ылайык жүргүзүүнү, казылган көчөлөрдү калыбына келтирип, грейдер менен тегиздөөнү жана курулуш техникасынын санын көбөйтүүнү тапшырды. Ошондой эле 2026-жылдын 5-ноябрына чейин курулуш талаптарын аткаруу боюнча милдеттенме алууну талап кылды.
Мындан тышкары, жергиликтүү бийлик органдарына курулуш иштеринин сапатына жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына көзөмөлдү күчөтүү сунушталды.