«Аваздык-аспапчылык»: Өнөрпоздор көрүүчүлөргө өзгөчө маанай тартуулады
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан «Көчмөндөр санаты» эл аралык салттуу музыка фестивалында «Аваздык-аспапчылык» багыты боюнча сынак өттү.
Сынакка ар кайсы өлкөлөрдөн келген өнөрпоздор катышып, улуттук музыкалык аспаптарда өнөрлөрүн тартуулашты. Алар салттуу музыкалык мурастарын аткаруу чеберчилиги аркылуу көрүүчүлөргө тааныштырышты.
Өнөрпоздордун аткарууларын көрүүчүлөр жылуу кабыл алды. Музыка жаңырганда айрым көрүүчүлөр аткаруучуларга кошулуп ырдап, бийлеп, кечеге өзгөчө шаң кошушту.
Иш-чара ар түрдүү элдердин маданиятын жана салттуу музыкасын жакындаткан маданий кечеге айланды.