"Эркин-Тоо"

Автобус айдоочулары иштен алынды

Бишкек шаарында жол эрежесин одоно түрдө бузган автобус айдоочулары иштен алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады. Кечээ, 17-февралда Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаевдин төрагалыгы астында муниципалдык коомдук транспорт маселеси боюнча кезектеги жыйын болуп өткөн. Жыйында эреже бузган айдоочуларга эскертүү берилип, жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн 20 айдоочу иштен алынганы айтылды. Жыйындын соңунда айдоочулар тарабынан жол эрежесин сактоону күчөтүү, коомдук транспорттогу тейлөө сапатын жакшыртуу боюнча тапшырма берилди.

 

Пример HTML-страницы