Аялынын 4 кабыргасын, манжасын сындырган жаран эки айга камакка алынды

16-март, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 31

Ош шаарында аялына зомбулук көрсөткөн жаран эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-март күнү Ош шаардык соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, эки айга камакта калтырды. Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүрүп жатат.

22-февраль күнү Ош шаарынын 35 жаштагы тургуну Ош ШИИБге арыз менен кайрылган. Ал арызында 21-февралда күйөөсү мас абалда ур-токмокко алып, денесине жаракат келтиргенин билдирген. Күйөөсүнө карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Ошондой эле мындай зомбулук бир нече ирет буга чейин дагы болуп келгендигин айткан.

Арыздануучуга дайындалган соттук-медициналык экспертиза анын 4 кабыргасы жабык сынгандыгын, сол колунун манжасы сынгандыгы тууралуу корутунду чыгарып берген.

Бул факт Кылмыш-жазык кодексинин 177-беренеси («Үй-бүлөлүк зомбулук») менен катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары издөөдө жүрөн жабырлануучунун жолдошу Ч.С. 8-март күнү милиция кызматкерлери Ош шаарынын аймагында бекинип жүргөн жеринен кармалган.

Шектүү алгачкы көрсөтмөсүндө окуя болгон күнү мас абалда болгондугун айткан. Мындан сырткары кылмышын толугу менен мойнуна алган. 41 жаштагы С.Ч. убактылуу кармоочу жайга кигизилди. Мурда эки жолу сот жоопкерчилигине тартылгандыгы белгилүү болду.

16-март, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 31
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X