АЗ ӨМҮРДӨ УЗАК ЖОЛ БАСКАН КАЛМУРАТ

Калмурат Рыскулов деген ысым негизинен абдан кеңири масштабдуу диапазонду өзүнө камтып турат. Коомчулук Калмуратты обончу жана аткаруучу катары тааныйт. Анын көмөкөйүндөгү тамак кылдарынан обонго ылайыкташкан ыргактар менен оригиналдуу чыккан коңур үнү К.Рыскуловдун өлбөстүгүнүн далили. Уккан кулактын кумарын кандырган обондорунун диапозону да ДОдон-ДОго чейин, эң төмөнкү жана эң жогорку добуштардын аралыгы менен өлчөнөт. Ал эми анын абийирдүүлүгүн, билимдүүлүгүн, жөндөмдүүлүгүн өлчөгөн приборду биз азырынча таба албай келе жатабыз.

Чындыгында Калмурат жөнөкөй жигит эмес эле. Тирүүсүндө музыканын кудурети менен бейиштин 8 эшигин ачып көрүп, өз жоро-жолдоштору кабылдай албаган чексиз мейкиндикти аралап өткөнү анык. Ошол эле учурда жыландын баласынын түшүүсүнө ыраа көрбөгөн тирүүнүн тозогу аталган түрмөнү да көрүп кетти. Аз жашоодо мына ошондой орошон тагдырды башынан кечирүүгө көп азаматтын эрки жете бербейт. Калмурат аз өмүрдө узак жол баскан жигит.

Калмураттын үнүнүн тембри чындыгында өзгөчө эле. Тилдеги тыбыштардын жасалышы, тыбыштык системасы, тыбыштык өзгөрүүлөрү жөнүндөгү тил илиминин бир тармагы болгон фонетикада – тембр тыбыштарды жасоого катышкан органдар, сүйлөө органдары аркылуу тыбыштын термелүү өзгөчөлүктөрү, добуштун сапаты, түрү, көркөмдүк деңгээли, музыкалык добуш касиеттеринин бири деп мүнөздөлөт. Адатта бирдей добуштарды алардын тембри боюнча ажыратууга болот. Тембр – добуш булагынын термелүүсү. Тембрди мүнөздөөдө обертондордун таасирин, тактап айтканда, натуралдык үн катары – музыкалык акустикада үндөрдүн катарын түзгөн негизги тон жана гармоникалык үндүн кошумча угулушун айтууга болот. Мына ошол сейрек кездешкен тембрдин ырааттуулугун Калмураттын бардык обондорунан кезиктирүүгө болот.

Обондорундагы комуз кылдарынын ыргактары, анын чебер колдору аркылуу тез темп менен вариациялык өзгөрүшү өзүнчө бир чексиз ааламга жетелейт. Калмурат ырдап жатканда түрдүү бийиктиктеги добуштардын өз ара катышуусу менен туруксуз добуш баскычтарынын туруктуу бир добуш баскычтарга умтулган профессионалдык музыкадагы ладды кезиктирүүгө болот. Лад баскычтарынан түзүлгөн биринчи жана акыркы ноталары бирдей музыкалык гамма уккан жүрөктү арбап алат. Албетте лад мыйзам ченемдүүлүгүнүн негизинде Калмураттын обондорундай пенде турмушундагы бөксөлүктү толтурган музыкалык чыгармалар жаралат.

Калмураттын обондору профессионал музыканттардын эмгеги менен гармонизацияланып, түрдүү музыкалык аспаптардын үндөшүүсү менен аранжировкаланып, оркестрдин коштоосунда угармандарга тартууланып жатканы Кудай тарабынан К.Рыскуловго берилген чен-өлчөмгө сыйбаган таланттуулуктан кабар берет.

Кайран жигит, көзүң тирүү болгондо эми гана эле 50 жашка толмок экенсиң! Ырыскылаш-насиптеш болуп бир окуу жайда окуп, бир жатаканада чогуу жашадык. Сени менен бирге өткөргөн күндөр арман эмес, сыймык! Биз сени дайыма сыймыктануу менен эскеребиз! Ушул жылдын 9-декабрында, сенин күйөрмандарың Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 50 жылдык мааракеңди өткөргөнү жатышат. Сен өз обондоруң менен кыргыз элинин жүрөгүндө миң-миңдеген кылымга жашай бересиң! Кудай бейишиңи берсин, иним!

                                                                                                                 Бахпурбек АЛЕНОВ

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X