Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист, бизнесмен Мыктыбек Арстанбек 2018-жылы “Ийгилик академиясын” негиздеп, алгач “Сүрдү жеңүү” тренингин алып чыккан. Андан кийин “Кантип бизнес баштайм?” семинарын өткөргөн. 2019-жылдын 1-майында “Бизнес нөлдөн” тренингинин биринчи тайпасы 80 адам менен башталган. “Ишкердик академиясы” 2022-жылдын 12-февралында КР Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Кийин “СММ”, “Кантип өзгөрөм?”, “Экспресс-бизнес”, “Wildberries” сыяктуу көптөгөн тренингдер кошулган. Тренингдерди Мыктыбек Арстанбек өзү иштеп чыгып, 5 жылдан бери тынбай онлайн жана оффлайн форматында мыкты тренерлер менен биргеликте өткөрүп келе жатат. Бул аралыкта 17 миңге жакын адам аталган академиядан окуп бүттү жана алардын 60%ы ийгиликтүү бизнесмен болуп чыгышты.
Окуп жаткандар онлайн, оффлайн форматында СММ, БКМ, СРМ, алек тандоо, контент, лид, кардар менен иштөө, сатуу техникасы, мобилография сыяктуу көптөгөн жөндөмдөрдү үйрөнүп чыгышат. Анын баары геткурс платформасы, 110дой видео тасмалар, слайддар, дептерлер, көнүгүүлөр жана тапшырмаларды тынбай аткаруу менен ишке ашырылат. Негизинен айлык акы алып жүрүп тажагандар, чакан ишкерлик менен алектенгендер, үйүндө отурган кыз-келиндер, иштебей жүргөндөр жана мигранттар окуп, мүмкүнчүлүктөрүн ачып ишкердик баштап кете алышты. Ал эми чакан ишкердиги барлар бизнес-система түзүп алууга жетишүүдө. Бул жерден окугандар 2 айда эле кирешеге чыга турган 5 кирешелүү бизнес баштай алышат. Ишкердик кылуу үчүн көп акча керек деген ойлор суу кечпейт. Баарын нөлдөн үйрөтөт.
Азыр “Ишкердик академиясында” сатуу, БКМ, маркетинг бөлүмдөрү бар, анда 120дай кызматкер иштейт. Ал эми Ош шаарындагы филиалында 50дөй кызматкер иштейт. Тренингдерди Мыктыбек Арстанбек менен кошо 10дой тренер, 2 трекер 2 ай бою окутуп, жол-жобосун эң жөнөкөй тил менен түшүндүрүп, жетелейт жана жыйынтык болуш үчүн ар бирин абдан көзөмөлдөшөт.
Келечекте “Ишкердик академиясын” окуу борборуна айландыруу пландары бар. Тренингдердин санын 20га жеткирүү, 100 миңдеген адамдарды окутуу, Кыргызстандын экономикасын көтөрө турган ишкерлерди чыгара берүүнү улантышат. Миссиясы – ар бир үйдөн бирден ишкер чыгаруу.
Бактыгүл Кулатаева