Азербайжан сапары
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн журналисттери 23-майдан 27-майга чейин Азербайжан өлкөсүнө пресс- тур жасап келишти. Алардын катарында “Эркин-Тоо” мамлекеттик гезитинин да кабарчылары чакырылган. Бирок, Азербайжанга болгон сапарга чыгуу оңойго турган жок. Анткени, бул өлкөдө ушул убакытка чейин коронавирус илдетин алдын алуу чаралары күч. Азербайжанга баруу үчүн ар бир адамда эки жолу COVID-19га каршы вакцинасы болушу керек. Андыктан вакцина паспортун алган соң гана өнүккөн Азербайжанга сапар алдык.
Түрк тилдүү өлкөлөр
Азербайжандын Шамахы шаарында 24-майда Түрк Мамлекеттери Уюму (TМУ) тарабынан уюштурулган Түрк тилдүү мамлекеттердин туризм министрлеринин 7 — жыйыны болуп өттү. Азербайжанга болгон иш сапарда алгач дал ушул жыйынга катыштык. Түрк дүйнөсүнүн 2023-жылкы туризм борбору болуп Шамахы шаары тандалып алынган. Жыйынга Азербайжандын мамлекеттик туризм агенттигинин төрагасы Фуад Нагиев, ТМУнун башкы катчысы Багдад Амреев, Өзбекстандын вице-премьер-министри, туризм жана маданий мурастар министри Азиз Абдухакимов, Түркия Республикасынын маданият жана туризм министринин орун басары Надир Алпаслан, Казакстандын Маданият жана спорт министринин орун басары Ержан Еркинбаев, жогорку бийлик өкүлдөрү, туризм боюнча жооптуу эксперттер жана Азербайжандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү катышты.
Кыргызстандын атынан бул жолугушууга расмий өкүл катары Кыргызстандын Азербайжандагы толук ыйгарымдуу элчиси Кайрат Осмоналиев «Эркин-Тоо», «Вечерний Бишкек» гезиттеринин журналисттери чакырылды. Заманбап Жибек Жолунун туристтик багытын өнүктүрүүдө түрк тилдүү өлкөлөр ортосундагы өнүгүп келе жаткан байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө арналган бул жыйында жакынкы жылдары Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана башка өлкөлөр арасында кышкы, жайкы туризмди өнүктүрүү пландары түзүлдү. Андан тышкары жалпы тарых жана маданий мурастарга, географиялык жакындыкка, визасыз каттамдарга жол ачып, түз аба каттамдарды уюштуруу, ошондой эле туристтик мамилелерди өнүктүрүүгө негизделген кызматташтык бекемделери белгиленди.
Чындыгында Советтер Союзунун учурунда Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамиле жана карым-катнаш жогорку деңгээлде болгон. Бирок, союздук өлкөлөр эгемендүүлүктү алган жылдардан кийин алака-мамилелер үзүлүп калган. Жада калса азыр бул өлкө менен түз аба каттамы да жок. Бирок, бул иш сапар учурунда түрк тилдүү мамлекеттердин ичинен өнүгүү жолуна багыт алган Азербайжан менен Кыргызстандын ортосунда туризм багытында жана илим-билим тармагында бириге турган көп жолдор бар экендигине ынанып келдим.
Илимдин майрамы

Быйыл Түркия мамлекети Азербайжандын борбор шаары Бакуда алгачкы жолу TEKNOFEST фестивалын өткөрдү. Азербайжанга болгон сапарымда мен так ушул фестивалдан көбүрөөк таасир алдым. Анткени, илим-билимдин майрамы болгон фестивалда түрк дүйнөсүнүн, анын ичинде Түркиянын технологиялык жактан өнүгүп келе жатканын байкадым. Фестивалга катышкан жаш жеткинчектердин илимге, жаңы технологияларга болгон кызыгуусу күч экен. Азербайжанда мектептерге робот-технологиялары сабактары киргизилип, ар бир бала техниканын тилин билүүгө умтулат. TEKNOFEST фестивалынын расмий ачылышы болгон күнү ага жаштардын агылып келгенин көрүп таң калдым.
TEKNOFEST фестивалына Түркиядан алынып келинген аскер техникалары, учактар коюлуп, асманда алардын аэрошоусу уюштурулду. Андан тышкары фестивалдан Түркия жана Азербайжанда ойлоп табылган робот-техникаларынын жарманкеси болду. Андагы робот-техникалардын дээрлик баарын жаштар жасашыптыр.
Карабахтын тагдыры

Бир жарым жыл мурда Азербайжан менен Армениянын ортосунда чек ара маселелерине байланышкан согуш болгон. Анда Азербайжан өлкөсү өзүнө бир топ айыл аймактарын, шаарларын кайра кайтарып алганга жетишкен. Тоолуу Карабахта согуштук аракеттер 2020-жылдын 1-декабрында аяктаган. Бирок, Азербайжан куралдуу күчтөрү ушул убакытка чейин аймакты мина талааларынан тазалоо иштери менен алектенип жатышыптыр. Бир эле Агдам районунда 2000ден ашык мина табылып, жок кылынган.
Агдам району Советтер Союзунун учурунда Азербайжан өлкөсүнүн аймагына кирип, өнүккөн аймак катары таанымал болгон. Маданияттын очогу болгон Агдам шаары 90-жылдардын башында болгон согуштук аракеттердин учурунда Армения тарапка каратылган. 2020-жылы район кайра Азербайжандын аймагына өтүп, талашка түштү. Өнүккөн Агдам талашка түшүп олтуруп, жер менен жексен болгон. Анда байырлаган калк туш-тарапка көчүп кетип, убагында талкаланган үйлөрүндүн ичине азыр чоң дарактар өсүп чыгып, ташталган бир талаага айланыптыр. Агдам деген сөз кыргызча айтканда ак тамдар дегенди билдирет. Бул аймакта убагында шыбы ак тамдар гана болгон экен.
Согуштук аракеттерден кийин Армения бул аймакта 30 жылга жакын убакытта эч бир өнүктүрүү аракеттерин жасаган эмес. Азербайжан 2020-жылы аймакты өзүнө каратары менен мурдагы Агдам шаарынын ордуна социалдык шаарча куруп, миналардан аймакты тыкыр тазалып, 90-жылдардагы согушта урабай калган бир мечитти кайра калыбына келтирүү иш-аракеттерин баштаптыр. Айтылуу Агдам мечитин реконструкциялоо иштерине Араб өлкөлөрүнөн келген инвесторлор жардам беришүүдө.
Азербайжан бийлиги Агдам районунда урандыга айланган бир топ имараттарды ачык асман астындагы музейге айландырууну көздөп жатат. Ал эми талкаланган калктуу аймактарга кайрадан ак тамдарды салып, элин көчүрүп келүү саясатын баштаган. Эгер агдамдыктар кайра бул аймакка кайтып келип, жашоосун улантабыз дешсе аларга 12 сотыхтан жер берилерин да билдиришти.
Баку
Акыркы он беш жыл аралыгында Баку шаары болуп көрбөгөндөй өнүгүптүр. Жергиликтүү эл айрыкча жолдордун оңдолушу, өлкө боюнча биринчи планга чыкканын билдиришти. Өтө кооз архитектуралык түзүлүштө курулган имараттардын көбөйүшү шаардын көркүн ачкан.. Илимге, билимге болгон кызыгуу алда канча күч алган. Бул өлкөдө балдардын баары англис тилинде түш жорушат экен. Жеткинчектери да өз желегин желбирете көтөрүп, өлкөсүн дайыма даңктап жүргөнү таң калтырды. Маданий иш-чараларга жергиликтүү калк ымыркайынан бери көтөрүп келгени таасирлентти. Азербайжандыктар бир муштумдай түйүлүп жашагандай сезилди.
Жазгүл Кенжетаева, Бишкек-Баку- Баку-Бишкек.