"Эркин-Тоо"

Азербайжандын Жеңиш күнү жана мамлекеттик туу күнү белгиленди

2023-жылдын 9-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин социалдык мекемелеринде, 8-ноябрь Азербайжандын Жеңиш күнү жана 9-ноябрь Азербайжандын Мамлекеттик туу күнү белгиленди.

Иш-чарага Түрк мамлекеттеринин Аксакалдар кеңешинин мүчөсү Медеткан Шеримкулов, Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Гандилов, Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жетекчилик жамааты катышты.

Элчи Латиф Гандилов Азербайжандын Карабах жеңишин жана Мамлекеттик туу күнүн маанилүүлүгүн белгилеп: “Биринчи Карабах согушунан кийин жеңилүү ызасын сездик, бирок биз эч качан үмүтүбүздү үзгөн жокпуз. Анткени биз Карабахтын Азербайжанга таандык экендигин жана Азербайжандын желеги кайрадан сыймыктануу менен желбирей тургандыгын билдик. Бүгүн Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын гана эмес, адилеттүүлүк орногон күндү да билдирет”,-деди.

Белгилей кетсек, иш-чара Азербайжандын Карабах согушундагы жеңишинин үч жылдыгына карата Азербайжандын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулган.