Азыркы мамлекеттик медицина менен катарда жеке менчик түрүндөгү медицина ургаалдуу өнүгүп жаткандыгы кадыресе көрүнүшкө айланып отурат. Мунун өзүн бир жагынан алганда калкты медициналык жактан тейлөөнүн оң көрүнүшү деп бааласак болот. Бүгүнкү күндө республикабыздын көпчүлүк ири шаарларында жеке менчик кардиологиялык, офтальмологиялык, ортопедиялык жана башка багыттардагы клиникалар өз иштерин ийгиликтүү алып барышууда. Алардын катарына Бишкек шаарындагы Доктор К.Меңдибаев клиникасын кошсок болот. Бул клиниканын ачылып иштей баштаганына жети жылдын жүзү болуп калды. Азыркы учурда Доктор К.Меңдибаев клиникасы неврология ооруларын, геморрагиялык жана ишемиялык инсультту дарылоону, нейрохирургиялык операциялардын бардык түрлөрүн, башкача айтканда мээдеги жана жүлүндөгү шишиктерди алып салууну, мээнин кан тамырларындагы аневризмди килиптөөнү, омурткалар ортосунда пайда болгон грыжаларды микрохирургиялык жол менен алып салууну, мээнин жана жатындын кан тамырларына эндоваскулярдык стент коюуну, аневризмди эмболизациялоону жүзөгө ашырат. Республикабыздагы жалгыз гибриддик-нейрохирургиялык операция жасоо залы ушул клиникада гана иштеп жатат. Гибриддик-операциялык залдын болушунун натыйжасында бул клиникада мээнин аневризмасы жарылып кан куюлуп, уюп калган учурда мээнин кан тамырына эндоваскулярдык жол менен аневризмага стент коюлуп, спираль менен толтурулуп кан токтотулган соң, баш сөөгүнө трепанация жасап, мээнин ичиндеги гематома алынып салынат. Бул эл аралык стандартка жооп берген операция болуп саналат.
Бул клиниканын негиздөөчүсү республикага белгилүү нейрохирург, медицина илимдеринин кандидаты, доцент, илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Кочкор Төлөнович Меңдибаев болуп эсептелет. Ал 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун дарылоо иши факультетин ийгиликтүү аяктаган, 1983–1985-жылдары Москвадагы Н.Н.Бурденко атындагы нейрохирургия илим изилдөө институтунун ординатурасын бүтүргөн. Ал эми 1986–1989-жылдары СССР Медицина илимдер академиясына караштуу академик Бурденко атындагы илимий изилдөө институтунун аспиранты болуп, “Мээнин кан тамырларындагы көптөгөн аневризмдер, анын клиникасы, диагностикасы жана хирургиялык жол менен дарылоо“ деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Андан соң, республикалык ооруканада нейрохирург-врач болуп иштеген. 1992–1998-жылдары Жалал-Абад областынын ооруканасында иштеп жүрүп, бул ооруканада нейрохирургия бөлүмүн ачкан. 1998-жылы кайрадан Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнө келип, 1999–2016-жылдары №2 нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Бөлүм башчылык кызматта иштеп жүргөн учурда алдыңкы заманбап нейрохирургиялык технологияларды алып келүү боюнча жогорку инстанцияларга көп жолу кайрылып, бирок андан эч кандай натыйжа чыккан эмес, себеби мамлекеттик клиникаларга жаңы технологияларды тартып келүүнүн шарттары татаал болгон. Биринчиден, каражат тартыш болсо, экинчи жагынан тендер өткөрүү түйшүгү да жолтоо болуп жүргөн. Ал эми ошол учурда жаңыдан ачылып иштей баштаган жеке менчик клиникалар өздөрүнө чет өлкөлөрдөн заманбап жаңы алдыңкы технологиялар менен камсыз болуп жатканын байкаган Кочкор Төлөновичке «жеке менчик клиника ачууга аракет жасоо керек турбайбы» деген идея келет да, адегенде неврологиялык клиника ачат. Бул клиника эки жыл ийгиликтүү иш алып барган соң, буга кошумча нейрохирургиялык клиника ачканга мүмкүнчүлүк түзүлүп калат. Бирок Кочкор Төлөнович басса-турса клиниканы алдыңкы жаңы технология менен жабдуу маселесин ойлонот. Акыры интернеттен караштырып отуруп, Япония өлкөсүндө Toshiba биплан ангиографиялык комплекси сатыкка коюлганын окуп калып, ушул аппаратты кантип алаар экенмин деп санаасы санга бөлүнүп турган учурда, анын мындай ниетин билип калган жакын таанышы, бизнесмен Абдрахман Айдаров: «Кочкор аке, кабатыр болбоңуз, дарегин бериңиз, мен өзүм барып алып келип берем» дейт. Ал Кочкор Төлөнович берген дарек менен Японияга барып, Toshiba биплан ангиографиялык комплексин ал жактан демонтаждап, бул жакка алып келет. Ошентип, Доктор К.Меңдибаевдин клиникасында заманбап алдыңкы технология пайда болот.
Бул медициналык аппараттын кандай артыкчылыктарга ээ экендигине токтоло кетели. Анын башкы артыкчылыгы – эки дугалуу (ууктуу) болгондугунда. Эгерде дугасыз моноплан аталган аппарат мээнин кан тамырларынын бир тарабын гана көрсөтө ала турган болсо, Toshiba биплан ангиографиялык комплекси мээнин кан тамырларын бардык тарабынан даана көрсөтүүгө жөндөмдүү жана операцияны коопсуз жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Экинчиден, инсульт, жүрөктүн миокарды сыяктуу кан тамыр ооруларынын көп учурагандыгы баарыбызга маалым. Мээ кан тамырында аневризм пайда болгон учурда кишинин башы катуу ооруйт, башы айланат. Ал эми жүрөктүн кан тамырынын кайсы бир жеринин кандын айлануусу начарласа, ал адамдын дем алуусу кыйындайт, жүрөгү ооруп өмүрүнө коркунуч туулат. Бөйрөктүн артериясынын стенозу кан басымын жогорулатып, бөйрөк гипертониясына алып келет. Мындай учурда оорулуу ултраүндүү доплярография , же бөйрөк кан тамырларынын ангиографиясынан өтүүсү керек болот. Анын жыйынтыгы менен бөйрөктүн кан тамырынын стенозу аныкталса, ага эндоваскулярдык жол менен стент коюу зарылдыгы келип чыгат. Мындай учурда оорулуулар Доктор Меңдибаевдин клиникасына кайрылышса болот. Бул клиникада Toshiba биплан ангиографиялык комплексин колдонуу менен бөйрөк артериясынын стенозун таап, ичкерген артерияга стент коюп, артерияны кеңейтип, бөйрөктү кан менен толук камсыздоону ийгиликтүү жүзөгө ашырат. Ушул жол менен бөйрөк менен байланыштуу гипертония оорусу айыктырылат. Эндоваскулярдык операция жасоодо, оорулуунун эч жери кесилбейт жана кан жоготпойт. Оорулуу мындай операциядан кийин кыска убакыттын ичинде калыбына келет жана 2 күндөн кийин үйүнө чыгарылат.
Албетте, жогорку технологиядагы аппарат менен операцияларды жасоого атайын даярдыгы бар дасыккан адис хирургдардын талап кылынаары бышык эмеспи. Ошондуктан Кочкор Төлөнович клиникага эндоваскулярдык операцияларды жасоого жөндөмдүү республикадагы белгилүү адистерди чакырган. Алардын бири Уланбек Азизович Ташбаев болуп эсептелет. Ал Кыргыз-Орус славян университетинин медицина факультетинин дарылоо иши боюнча бөлүмүнөн билим алып, нейрохирургия адистигине ээ болгон. Андан соң, «Диагностиканын жана дарылоонун рентгенэндоваскулярдык адистиги боюнча Новосибирск (Россия) шаарындагы академик Мешалкин атындагы илим изилдөө институтунан квалификациясын жогорулаткан. Ал эндоваскулярдык операция жасоо боюнча тажрыйбасын бир жарым жыл Түштүк Кореяда стажировкада жүрүп өркүндөтүп келген. Бүгүнкү күндө Уланбек Азизович үч жылдан бери карай «Доктор К.Меңдибаевдин клиникасында» мээ кан тамырлары патологиясы боюнча эндоваскулярдык операцияларды ийгиликтүү жасап келүүдө.
Доктор К.Меңдибаев клиникасындагы мээ кан тамырларына эндоваскулярдык операцияларды жасаган хирургдардын бири Кутманбек Кочкорович Рахманов болуп эсептелет. Ал 2005–2011-жылдары Ош Мамлекеттик университетинин медицина факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 2011–2014-жылдары Квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо кыргыз мамлекеттик медицина институтунун нейрохирургия адистиги боюнча ординатураны бүтүргөн. 2021-жылы Алматы шаарындагы Казакстан Республикасынын Президентинин Иш Башкармалыгынын Медицина Борборуна караштуу Борбордук клиникалык оорукананын мээнин кан тамырларынын патологиясын эндоваскулярдык дарылоо боюнча квалификациясын жогорулаткан. Ал бүгүнкү күндө мээ кан тамырларынын патологиясы боюнча эндоваскулярдык операцияларды ийгиликтүү жасап келүүдө.
Дагы бир мээ кан тамырларына эндоваскулярдык операцияларды жасаган нейрохирургдардын бири Султанов Талантбек Раимкулович болуп эсептелет. Ал 2012-жылы Кыргыз Мамлекеттик Медицина Академиясынын дарылоо иши факультетин бүтүргөн. 2014–2017-жылдары квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун нейрохирургия адистиги боюнча ординатураны бүтүргөн. 2021-жылы Алматы шаарындагы Казакстан Республикасынын Президентинин Иш Башкармалыгынын Медицина Бороборуна караштуу Борбордук клиникалык оорукананын мээнин кан тамырларынын патологиясын эндоваскулярдык дарылоо боюнча квалификациясын жогорулаткан. Мээ кан тамырлары патологиясы боюнча эндоваскулярдык операцияларды ийгиликтүү жасап келүүдө.
Бул клиникада журөк кан тамырларына стент орнотуу операциясы ийгиликтүү жүргүзүлүп келүүдө. Мындай жооптуу жана кылдаттыкты талап кылган операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык деңгээлдеги кардиохирургдардын бири, медицина илимдеринин кандидаты Бектур Санжарбекович Данияров жетектеген бригада тартылган. Бектур Санжарбекович Кыргызстанда алгачкылардан болуп жүрөк кан тамырларына стент коюуну баштагандардын бири болуп саналат. Анын натыйжасында Доктор К.Меңдибаевдин клиникасында жүрөк кан тамырларына стент коюу ийгиликтүү жүргүзүлүүдө.
Бектур Санжарбекович профессионалдык квалификациясын тынымсыз жогорулатуу менен Германия, АКШ, Россия, Түркия, Австрия өлкөлөрүндө стажировкадан өткөн жана квалификациясын жогорулаткан.
Адатта жатында пайда болгон миома шишиги айымдарды түйшүккө салган оор дарттардын бири болуп саналат. Бул дартты айыктыруу жолу узак убактан бери кесип алып салуу жолу менен жүргүзүлгөн. Бирок, айымдардагы миоманы алып салган учурда төрөбөй калуу коркунучу сакталат. Ал эми Доктор К. Меңдибаев клиникасында ушул дарттан жеңил айыгууга Toshiba биплан ангиографиялык комплекси мүмкүндүк берүүдө. Бул аппаратта жатындын миомасын кеспей эле миоманы кан менен камсыздаган артерия тамырларына эмболизация жасалып коюлат.Анын натыйжасында миомага кан барбай калып миоманын көлөмү кескин кичирейип отуруп жоголот. Бул операцияларды Эсеналы Ашыралиевич Сарыков ийгиликтүү жүзөгө ашырууда. Ал Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын дарылоо иши факультетин бүтүргөн. 2012-жылдан 2016-жылга чейин «Ош Кардио» медицина борборунда, 2016-жылдан Бишкектеги «Кадиоцентр» медборборунда рентгенэндоваскулярдык хирург болуп эмгектенген.
Азыркы учурда жатындын миомасына Toshiba биплан ангиографиялык комплексин колдонуу менен бүгүнкү күнгө чейин 42 ийгиликтүү операцияларды жасады. Ал Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын дарылоо иши факультетин, андан соң Жүрөк хирургиясы жана органдарды Трансплантциялоо илим-изилдөө институтунан клиникалык ординатураны бүтүргөн. Профессионалдык квалификациясын тынымсыз жогорулатуу менен Алматы, Москва, Казань, Дүйшөмбү, Бишкек шаарларында, Улуу Британияда кардиология жана эмболизация боюнча болуп өткөн илимий конференцияларга катышкан, Түркиянын Н.Кемаль атындагы университеттик клиникасынан стажировкадан өткөн.
Ачык айтуу керек, азыркы учурда бейтаптарга ыңгайлуу шарт түзүү жагынан алганда жеке менчик клиникаларда абал жакшы. Анын сыңарындай Доктор К, Меңдибаевдин клиникасында түзүлгөн ыңгайлуу шарттарга бейтаптар ыраазы болуп келүүдө. Андагы жалпы керебеттердин саны 35. Дарыланууга келген бардык бейтаптар дары-дармектер, керебет, жууркан-төшөк, шейшептер менен толук камсыздалат. Ашканадан 4 маал тамак берилип турат. Тазалык жогорку деңгээлде сакталат.
Дареги: Бишкек ш., Курултай көч.,
тел.: (0555) 10-30-00,
(0772) 17-61-33, (0555) 17-61-63, (0500) 28-44-28.
№28 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 25-марты
Абдимуктар Абилов