«Ажар» тарыхый көркөм фильми өндүрүшкө кирди
Кыргыз киносунун 85 жылдык мааракесине карата «Кыргызфильм» улуттук киностудиясында режиссёр Актан Арым Кубаттын «Ажар» аттуу толук метраждуу тарыхый көркөм фильми өндүрүшкө жиберилди.
Фильм 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана Үркүн трагедиясынын 110 жылдыгына арналат.
Көркөм чыгарма жазуучу Касымалы Баялиновдун «Ажар» повестинин негизинде тартылат. Сценарийдин авторлору — Актан Арым Кубат, Марат Алыкулов жана Арслан Капай уулу.
Тарыхый драманын окуялары он эки жаштагы Ажардын тагдыры аркылуу баяндалат. Көтөрүлүш учурунда атасынан айрылган кыз апасы менен бирге Кытайды көздөй качкан миңдеген адамдардын катарына кошулат. Жолдо ачарчылык, ызгаар суук жана куугунтукка туш болуп, акыры апасынан да айрылып, томолой жетим калат.
Фильмдин сценарийи «Кыргызфильм» киностудиясынын Көркөм кеңешинде, Кинематография департаментинин Көркөм-эксперттик кеңешинде каралып, жактырылган. Ошондой эле 20-октябрда Улуттук кинематография кеңешинин IV жыйынында колдоо тапкан.
Долбоор Үркүн трагедиясын көркөм чагылдыруу, улуттук тарыхый эс тутумду жаңыртуу жана ошол каргашалуу окуялардын кийинки муундарга жеткирүү максатын көздөйт.