"Эркин-Тоо"

Азия чемпионатындагы кыргыз балбандарынын ийгилиги

Монголияда 19-апрелден 24-апрелге чейин өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Кыргызстандын балбандары ийгилик жаратышты. Башкача айтканда, капчыгыбызга жалпысынан 14 медаль түштү. Эске салсак, чемпионатка Кыргыз Республикасынан грек-рим, кыз-келиндер, эркин күрөш боюнча 21 балбан барган.

Азия биринчилиги 19-апрелде башталып, алгач килем үстүнө Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча курамасы чыгып, 3 алтын, 3 коло медаль алып, 12 өлкөнүн ичинен жалпы эсеп боюнча үчүнчү орунга көтөрүлө алышты. Грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Тынар Шаршенбеков (63 кг), Акжол Махмудов (77 кг) алтын, Адилхан Нурланбеков (72 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг), Роман Ким (130 кг) коло медалдын ээси болду. Бул жолку чемпионат грек-рим күрөшү боюнча курама командабыз үчүн тарыхта эң ийгиликтүү чемпионат болгондугун белгилеп кетүү зарыл. Анткени, буга чейин кураманын капчыгына бир чемпионатта 3 алтын медаль түшө элек эле. 2007-жылы Данияр Көбөнов менен Канатбек Бегалиев эки алтын медаль тагынган. Андан кийинки ийгилик 2014-жылы жылмайган. Анда да командадан эки балбан чемпион наамын жеңип алган. 2016-жылы да капчыкка эки алтын түшкөн.

Мелдештердин экинчи бөлүгүндө кыз-келиндер курама командасынан Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Айсулуу Тыныбекова (62 кг) жана Мээрим Жуманазарова (68 кг) күмүш байгенин ээси болду. Белгилей кетүүчү жагдай, кыз-келиндер күрөшү айлампа түрүндө өтүп, Айпери Медет кызы алгачкы жолу Азия чемпиону наамын жеңип алды. Ал эми Мээрим Жуманазарова биринчи айлампада күрөшкөн балбан менен финалда кайра кез келип, жеңилүү ызасын тартты. Айсулуу Тыныбекова алган жаратынан улам финалда алтынды япониялык балбан кызга тарттырып жиберди. Эгер Айсулуу күрөштү өз пайдасына чече алганда бешинчи жолу Азиянын чемпиону аталмак. Мээрим Жуманазарова жеңишке жеткенде Азиянын экинчи жолку чемпиону болмок.

Эркин күрөш боюнча беттеш биринчиликтин акыркы күндөрү өттү. Анда да биздин балбандар куру кол калышкан жок. Эрназар Акматалиев 70 кг салмакта экинчи орунду багындырса, Алмаз Сманбеков (57), Улукбек Жолдошбеков (61 кг), Исламбек Орозбеков (74 кг), Арсалан Будажапов (79) коло медаль тагынды. Муну менен Кыргызстандын балбандары оюндарды 4 алтын, 3 күмүш, 7 коло медаль менен жыйынтыкташты.

Эл аралык спорт эксперттери бул жолку чемпионатка кыргыз балбандарынын күчтүү даярдыкта келгендигин белгилешти. Дүйнөлүк күрөш уюму Жоламан Шаршенбековдун жеңиштин урматына таштаган сальтосунун сүрөтүн укмуштуудай көрүнүшкө теңеп чыгарды. Жоламандын сүрөтү бүткүл дүйнөнүн күрөш күйөрмандарынын суктануусуна ээ болду.

Азия континенти калкынын саны жагынан алганда дүйнөдөгү башка континенттерге салыштырганда алда канча көп. Кытай менен Индия мамлекеттеринин өзүндө эле эки миллиарддан ашык адам жашайт. Мына ушундай калкы өтө көп Азия континентинде күрөш боюнча өткөн чемпионатта калкынын саны алты миллиондон араң ашкан Кыргыз Республикасынын балбандарынын 4 алтын, 3 күмүш, 7 коло медалды жеңип алышын өзгөчө көрүнүш катары баалоого болот. Чемпионатта алтын медаль тагынган балбандарыбыз килем үстүндө өз чеберчилигин биринен-бири өтүп көрсөтө алышты. Мындай чеберчиликтин артында балбандар менен алардын машыктыруучуларынын өтө чоң эмгеги, мээнети, өжөрлүгү турат.

 №39 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 26-апрели
Жазгүл Кенжетаева

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!