Азия чемпиондугу: Бүгүн Акжол Махмудов баштаган балбандар килемге чыгат
Бүгүн, 19-апрелде Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугу башталды. Азия чемпиондугунун биринчи күндүк беттештеринде 5 кыргыз балбаны киле үстүнө чыгары белгилүү болду. Тагыраагы 55 килограмм салмакта Балбай Дордоков, Тынар Шаршенбеков (63 кг), Акжол Махмудов (77 кг), Мелис Айтбеков (87 кг) жана Роман Ким (130 кг) күчүн сынашмакчы. Турнир бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 09:30да башталган.