Азия кубогу (U-20): Кыргыз футболчулары Австралиянын командасына жеңилди
Кытайда өтүп жаткан жаштар арасындагы Азия кубогунда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы (U-20) Австралияга утулуп калды.
Беттештин эсеби 5:1 менен атаандаштардын пайдасына аяктады. Кыргыз курамасы 15-февралдагы 2-турда Кытай курамасы менен беттешет. Маалым болгондой, тайпада алдыңкы эки орунду ээлеген команда кийинки баскычка өтөт.