"Эркин-Тоо"

Азык-түлүктүн баасы көзөмөлгө алынышы керек

Өлкөбүздөгү эң негизги тармактын бири айыл чарбасы экени анык. Кылымдар бою кыргыз журту мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен күн кечирип келгени да буга күбө. Кечээки Совет доорунда айыл чарбасы болуп көрбөгөндөй дүркүрөп өнүгүп, агрономиялык өлкө болушуна шарт түзүлгөн. Тилекке каршы, 30 жылдык эгемендикте айыл чарбасы каралбай, артка кетип, фермерлер менен дыйкандар мамлекеттин көңүл сыртында калганын көрдүк. 2020-жылдан бери карай гана муз ордунан жылып, башка тармактар менен бирге айыл чарбасы дагы өнүгүүгө кадам шилтей баштады.

Айыл чарбасынын өнүгүшү ИДПнын көрсөткүчтөрүнөн да байкалууда. 2024-жылы ички дүң продукт алдын ала баалоо боюнча 2023-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 9,0%га жогорулап, 1,5 триллиондон ашык сомду түздү. ИДПнын өсүшү товар өндүрүү, кызмат көрсөтүү тармактары жана продукттарга болгон салыктардын эсебинен камсыз болду. Мында товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 8,5%га, кызмат көрсөтүү тармактарынын өсүү темпи 9,3%га, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 9,2%га жогорулады. Көзгө тартылгандай, айыл чарбасынын салымы чоң болгон. Айыл чарбасынын жалпы дүң продукциясын өндүрүү көлөмү 395 млрд 637 млн сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 6,3 пайызга өстү. Бул өсүш мал чарбанын – 3,1%, ошондой эле өсүмдүк өстүрүү продукциясын 10,3%га көп өндүрүүнүн эсебинен камсыздалды. Ал эми кайра иштетүү өнөр жай тармагында 87 млрд 358 млн сомдук продукция иштетилип, физикалык көлөмдүн индекси (өсүү темпи) 120,1%ды түздү. Продукцияны экспорттоо 34 млрд 171 млн сомду түзүп, былтыркы жылдын деңгээлиндеги көрсөткүч камсыз болду. Өлкөбүздүн 60тан ашуун айыл чарба продукциялары дүйнөнүн 80ге жакын өлкөлөрүнө экспорттолуп жатат.

Республиканын калкы негизги тамак-аш азыктардын 6 түрү менен (сүт, эт, картошка, жашылча, кум шекер, жумуртка) камсыздалды. Эң негизгиси, өлкөбүздүн ички агро азык-түлүк рыногунда кесепеттүү жана жагымсыз өзгөчө кырдаал жаралган жок, абал туруктуу сакталды. Мындай жетишкендиктер агро-өнөр жай тармагына 22 млрд 716 млн сомдук мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн, же 2023-жылга салыштырмалуу 7 млрд 514 млн сомго көп, 149,4% камсыз болду. Айыл чарба продукциясы өлкөнүн ички дүң продукциясынын 9,5% үлүшүн түздү. Агроөнөр жай комплексин мамлекеттик колдоо максатында 17 млрд 903 млн сом берилди. Анын ичинен ФСХ-12 долбоорунун алкагында – 11 344 субъектке 4,5 млрд сом, ал эми КАПК аркылуу –                                     2 637 субъектке 7,1 млрд сом жеңилдетилген насыялар берилди.

Былтыркы жылдын аягында 599,5 миң гектар аянттан дан эгиндери жыйналды. Чабылган аянттан 2,1 миллион тонна дан бастырылды, бул өткөн жылга салыштырмалуу 28,4%га көп. Дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү гектарына 35 центнерге жакын болду. Он бир айдын жыйынтыгы боюнча айыл чарба продукциясы 369 млрд 613 млн сом өлчөмүндө өндүрүлүп, 2023-жылга салыштырмалуу 8 млрд 313 млн сомго көп болду. Кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясы 79 млрд 198 млн сом өлчөмүндө иштетилип, өткөн жылга салыштырмалуу 7,9 млрд сомго көп өндүрүлдү.

Мал чарбачылыгында дагы чоң жылыштар байкалды. Ири мүйүздүү малдын саны 53 100 башка, кой-эчкилер –186 400 башка, жылкылар – 15 800 башка, канаттуулар – 158 000 башка өстү. Малдын көбөйүшүнүн натыйжасында – эт өндүрүү – 9 400 тоннага, сүт – 42 600 тоннага, жумуртка – 101,4 млн даанага, жүн – 243 тоннага өсүп, өндүрүүчүлөр чет өлкөлөргө өз продукциясын экспорттоону көбөйттү. Ал эми импорттун көрсөткүчтөрү өскөн жок. Эң башкысы, 2024-жылдын жыйынтыгында өлкөнүн калкын негизги азыктардын 6 түрү менен камсыздадык жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча абал туруктуу сакталды. Кошумчалай кетсек, былтыр «Айыл чарбасын каржылоо – 12» долбоорунун алкагында Кыргызстанда 4,4 млрд сомдук жеңилдетилген насыя берилди. Анын ичинен 3,9 млрд сом мал чарбачылыгына, 473,84 млн сом дыйканчылыкка берилген. Быйылкы жылы айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган арзан насыянын көлөмү 5 млрд сомго жеткени турат.

Баарына маалым болгондой, Президент Садыр Жапаров суу маселесине өзгөчө көңүл буруп, тийиштүү тапшырмаларды берип жатат. Мындан улам суу чарбасына өткөн жылы 3 239 млн сом республикалык бюджеттен берилген. Быйылкы жылга 5 млрд сомдон ашык каражат бөлүү каралууда. Андан сырткары, өткөн жылы Суу ресурстары кызматына 104 даана атайын техникалар, 8 даана жер снаряд техникалары, 8 кызматтык автоунаалар, агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына 40 даана кызматтык автоунаалар берилди. Ошого катар былтыр агроөнөр жай комплексинде 5 багыттуу көйгөйлөр аныкталып, бир топ алгылыктуу иштер жүзөгө аша баштады. Атап кетсек, фермерлерди тейлөө борборлору – кыска мөөнөттө 6 ЦОФ ачылып, 460 адам тиешелүү кеңештерди алды. Өндүрүштү ирилештирүү (ФОТП) долбоорун ишке ашырууга кирише баштады. Кайра иштетүү ишканаларын модернизациялоо, реконструкциялоо, реабилитациялоо иштери жүрүп жатат. Анын алкагында 24 кайра иштетүү ишкана, 2 ТЛЦ, 4 мал союу пункттар уюшулуп, натыйжада 325 жаңы жумушчу орундар түзүлдү. Андан тышкары, “3+2” пилоттук долбоор ишке ашырыла баштады – дыйкан-фермерлер аныкталып, аларга тиешелүү жердин топурагынын үлгүлөрү алынып, лабораторияларда анализ өтүп жатат. Бул долбоордун алкагында жер айдоодон баштап, продукцияны экспорттоого чейин дыйкан-фермерлерге биздин министрлик колдоо көрсөтөт.

Быйылкы жылга Президент Садыр Жапаров айыл чарба тармагындагы жетекчилерге бир катар милдеттерди койгон. Алардын катарында калкты таза жана сугат суулар менен камсыз кылуу, бетон полотносун өндүргөн заводун куруу, продукция ташуунун мультимодалдык инфраструктурасын түзүү, көчөттөрдүн “Там Арка” долбоорун ишке киргизүү, жогорку сапаттуу өндүргүч букаларды, кочкорлорду алып келүү, ветеринардык биопрепараттарды чыгаруу фабрикасын куруу, үрөндүн жаңы сортторун апробациялоо, бирдиктүү фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөлдү түзүү, ата мекендик айыл чарба өндүрүшүнүн продукциясын экспорттоого көмөк көрсөтүү сындуу иш-чараларды аткаруу милдети бар.

Бул жерде белгилей кетишибиз керек, өткөн жылдын соңунан тартып өлкөдө картошка кескин кымбаттап, учурда базардагы баасы 60-70 сомго чейин чыгып кетти. Адистер буга негизги эки себеп — түшүмдүн жылдагыдан азыраак жыйналышы жана коңшу өлкөлөргө экспорттун эки эсе көбөйүшү түрткү болгонун белгилеп жатышат. Ошондой эле картошканын баасын ортомчулар көтөрүп жибергени да айтылууда. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда картошканын баасын ортомчулар көтөрүп жибергенин белгилеп: “Дыйкандар картошкасын 35-40 сомдон сатып жатышат. Алар бул баага ыраазы. Бирок ортомчулар базарларда бааны көтөрүп салышты. Ошто картошканын дүң баасы 60 сомго чыгып кеткен экен, биз иш алып баргандан кийин 49 сомго түштү. Ортомчулар ашыкча кошуп жибербеш керек” деди. Маселе Жогорку Кеңештин трибунасынан да айтылып, кийинки жылы мындай көрүнүш кайталанбашы үчүн Министрлер Кабинетин алдын ала чара көрүүгө чакырууда. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстан 2024-жылы картошканы Өзбекстан менен Казакстанга жылдагыдан эки эсе көп экспорттогон. Өзбекстанга 57,8 миң тонна, Казакстанга 9,4 миң тонна картошка сатылган. Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, былтыр картошканын түшүмү азыраак болуп, жылдагыдан 7,5%га аз жыйналган. Жыл ичиндеги жалпы өндүрүлгөн картошканын көлөмү 1 млн 190 миң тоннага жетет.

Баса, жыл жаңыргандан кийин эт дагы кескин түрдө кымбаттаганына байланыштуу сыртка ташууга чектөө киргизилген. Тактап айтсак, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат мал-жандык экспорттоого уруксат берүүнү токтоткон. Расмий кабарлангандай, министрликтин буйругунун негизинде 2025-жылдын 31-январынан тартып Ветеринардык кызмат мал-жандыкты үчүнчү өлкөлөргө, анын ичинде бодо малды экспорттоого уруксат берүүнү токтоткон. Эгер ортомчулар бааны түшүрбөсө, Министрлер Кабинети картошканы да экспорттоого чектөө киргизүүнү караштырууда. Кыскасын айтканда, күнүмдүк керектелүүчү тамак-аштын баасын ортомчулардын кызыкчылыгына салып бербей, көзөмөлдү күчөтүш керек.

 

                                                                                                    Кылычбек  Кудайбергенов

 

Пример HTML-страницы