"Эркин-Тоо"

Азыркы кыргыз философиясынын «Бакайы» 70 жашта!

Жер бетинде кайсыл гана өнөр ээлерин албайлы, бардыгында тең «устат» жана «шакирт» деген түшүнүктөр болуп келген. Устаттыкка жол ачып, жолго салуучу нерсе – бул «устаттык». Ал эми «шакирт» – ошол устаты ачып, салып берген «жолго түшүп», өз ордун тапкан экинчи тарап эмеспи. Мына ошол «жолго салуу» иш-аракети менен азыркы күндөрү чаалыкпай алпурушуп жүргөн, кыргыз элинин белгилүү илимпоздорунун бири, бүткүл өмүрүн илим-билим чөйрөсүнө арнаган инсан, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик жана И.Ахунбаев атындагы Жогорку академиялык сыйлыктарынын ээси, КМШ өлкөлөрүнүн билим берүүсүнүн мыктысы, философия илимдеринин доктору, профессор Тогусаков Осмон Асанкулович туурасында кеп кылгым келет.

Баарыбызга жакшы маалым болгондой, илимпоздун жашоосундагы эң сонун нерсе өзүнүн жеке же акыркы утилитардык максаты үчүн эмес, тескерисинче ишмердүүлүк, чыгармачылык үчүн көрсөтүүсү эсептелет. Изденүүчүлүк жана изилдөө – диалектикалык ойломдун эркин умтулуусунун эң зарыл шарты. Адам чыгармачылык изденүүдө өзүн кайрадан толуктоо жана өзүнүн бүтүндүгүн туюпсезүү үчүн толугу менен сарп кылат. Ошондуктан, чыгармачыл таланттардын ишмердүүлүктөрүнө багыт көрсөтүп, алардын толук кандуу инсан болуп калыптанууларына көмөк көрсөтүүдөн өткөн асыл иш жок эмеспи.

Терең ой жүгүрткөн инсан катары ал жогорку профессионалдуулугу жана сейрек кездешүүчү уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү менен айырмаланып тураары баарыбызга маалым, анын инновацияларга болгон далалаты жана социомаданий кырдаалды түпкүрүнөн түшүнө билүүсү, бардык нерседеги тажрыйбалуулугу жана маселелерди көрө билүүсүнүн масштабдуулугу адамдык жөнөкөйлүгү менен айкалышып турат. Ал – өзүнүн чыгармачылык илимий-уюштуруучулук жана коомдук ишмердүүлүгүнүн бардык чөйрөлөрүндөгү көсөм прагматик. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясын даярдоодо сиңирген эмгеги үчүн ага «КР илимине эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамы ыйгарылган (2003-ж.). Андан тышкары жакында эле, КР УИАда өткөн эгемендүү өлкөбүздүн Баш Мыйзамынын долбоорун талкуулаган Конституциялык кеңешмеге да кеңешменин төрагасынын орун басары болуп, өзүнүн жогорку интеллектуалдыкуюштуруучулук дараметин дагы бир ирет көрсөтө алды.

Фундаменталдуулукка теоретикалык алдыга жылуусуз, илимдин өнүгүшүнө чыгармачылык салымсыз ой жүгүртүүгө болбойт. Бул жаатта устат илимдин методологиясы, диалектикалык логика, эпистемология жана социалдык-экологиялык прогностика маселелери боюнча көрүнүктүү адис катары биздин эле өлкөгө эмес, Борбордук Азияга кеңири таанымал. Ал 6 жеке жана 19 жамааттык монографиянын, философия боюнча 2 жана политология боюнча 2 жамааттык окуу китебинин, 6 окууметодикалык колдонмосунун, 350дөн ашуун илимий жана илимий-популярдык макалалардын автору. Анын илимий эмгектеринин кеңири диапазону үчүн тажрыйбанын сурамжылоолору менен болгон тыгыз байланыштары мүнөздүү, о.э. ары татаал, ургаалдуу маселелердин кабыргасынан коюлушу, андан өжөрлүктү, туруктуулукту жана чыгармачылык демилгени талап кылат. Ал аттын кашкасындай таанымал теоретик катары республикабыздын илимий кадрларын даярдоодо дагы олуттуу салымын кошуп келүүдө: анын көсөмдүк жетекчилиги астында 11 докторлук жана 43 кандидаттык диссертациялар ийгиликтүү жакталган.

Бүгүнкү Кудайым ыроологон 70 жаш кутман курагын тосуп турган чагында, анын тынчтык билбеген ой жүгүртүүлөрү дале болсо тынымсыз изденүүдө: бир орунда болуу, демек толугу менен азыркы кезде, ушул жерде жана азыр жашоо дегендик, алдыда боло турган нерсени жасоодон мурда, адегенде азыркыны туура жасоо зарыл экендигин белгилейт. Ошентип ал өзүнүн жашоо постулатына так турганы турган: акыйкатсыздык кылуу, акыйкатсыздыкка чыдоого караганда өтө эле жаман. Соңунда шакиртиңиз иретинде айтарым, ийгиликтин дагы далай бийик ашууларын аша бериңиз! Арыбаңыз, бар болуңуз!

Жаныш АСАНОВ, философия илимдеринин кандидаты, доцент
№3 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 17-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!