Бүгүн филармонияда 12 төкмө акындын айтышы өтөт

16-март, 2022-ж. / Редакция / Маданият 51

Бүгүн, 16-мартта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда залкар акын, КРдин эл артисти Ашыраалы Айталиевдин 95 жылдыгына арналган акындардын республикалык айтышы өтөт. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фонду кабарлады.

Маалыматка ылайык, айтышта мыкты он эки өнөрпоз ат салышат. Кечээ тандоо туруна жалпы 49 акын катышкан. Натыйжада финалга жогорку упай алган 12 акын өткөн.

Айтыштын байге фонду — бир миллион сом.

16-март, 2022-ж. / Редакция / Маданият 51
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X