Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата 6 жаштан 14 жашка чейинки бөбөктөрдүн тишине кам көрүү акциясы башталды. Акциянын алкагында балдардын тишине курт тушүрбөй алдын алуу үчүн акысыз текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул иш-чара Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарындагы клиникаларда өтүп жатат. “Бул жылы 4 шаардын 14 клиникасы бул акцияны колдоп, акысыз жардам көрсөтүп жатат. Бул балдардын тишинин таза болушуна үндөгөн чакырык. Балдарыбыз ден соолукта болсун!”,- дейт стоматолог, акциянын уюштуруучусу Жылдыз Бейшембиева.