Бүгүн 98-«Оскар» талапкерлери жарыяланат
Бүгүн, 22-январда америкалык киноакадемия 98-«Оскар» сыйлыгына талапкерлердин тизмесин жарыялайт. Sport-Express маалыматы боюнча, бардык 24 категориядагы номинанттар белгиленет.
Бет ачар салтанатты актёрлор Дэниел Брукс жана Льюис Пуллман алып барышат. 25 жылдан кийин биринчи жолу категориялардын тизмесине «Мыкты кастинг» номинациясы кошулду.
Талапкерлердин расмий жарыясы Бишкек убактысы боюнча саат 13:30да жүргүзүлөт.