"Эркин-Тоо"

Бүгүн Бишкекте жума намаз мечиттерде окулат

Республикалык штаб пандемия шартында санитардык талаптарды сактоо менен өлкөдө жума намазын мечиттерде окууга уруксат берди. Буга чейин Бишкек шаарында мечиттерде жума намазын окууга тыюу салынган эле.
Жума намазын уюштурууда төмөнкү талаптар аткарылышы керек
—Беткап тагынып жүрүү
— Мечитте дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, ар бир адамдын дене табы өлчөнүүсү
— Адамдар ортосунда 1,5 метр аралык сакталып, мечиттеги орундардын 50%ын гана ээлеши зарыл;
— Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;
— Дааратты үйдөн алуу сунушталат;
— Жаш балдарга, ооругандарга, айрыкча дене табы көтөрүлүп жаткандарга мечитке келбей туруу талап кылынат;
— Мечитке келгендер көпкө кармалбай, 15-20 мүнөттүн аралыгында чыгып кетүүсү сунушталат;
— Мечитке келгендерге өзүнүн жайнамазын ала келүү сунушталат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!