«Байтик» метеостанциясынын аймагындагы мыйзамсыз курулуш буздурулду
Аскер прокуратурасы «Байтик» метеостанциясынын аймагында мыйзамсыз курулган имараттын буздурулушун камсыз кылды.
Прокуратуранын маалыматына караганда, көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Ала-Арча дарыясынын суу коргоо зонасында, «Байтик» метеостанциясынын аймагында мыйзамсыз имарат курулганы аныкталган.
Бул факты боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы министри Б. Ажикеев кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ошондой эле мамлекетке келтирилген 7 миллион 650 миң сомдук зыян толугу менен өндүрүлгөн.
Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун чечиминин негизинде мыйзамсыз курулган имарат Архитектуралык-курулуштук контролдоо мамлекеттик департаментинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда буздурулду.