Байчечекей журналы: “Мадина! Биз сени унутпайбыз!”
Бөбөктөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон көп түстүү “Байчечекей” журналынын кезектеги жаңы саны жарык көрдү. Журналдын бул жолку саны өзгөчө, себеби журнал бул ирет Балдарды коргоонун Бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналып, “Мадина! Биз сени унутпайбыз!” деген ураан алдында Тынчтыкка жана Ынтымакка чакырган кезектеги акциясын өткөрөт.
Журналдын башкы редактору, Кыргыз эл акыны Токтосун Самудинов, «Жаңы санда үстүбүздөгү жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяларда атылган октон каза тапкан, Баткен областына караштуу Лейлек районунун “Интернационал” айылындагы мектептин 6-класстын 12 жашар мектеп окуучусу Мадина Рахматжанованын жаркын элесин эскерип, эзелтен коңшу жашаган элдерибизди тынчтыкта жана ынтымактуу жашоого чакырабыз»,-дейт.
Ошондой эле журналдын жаңы санында кичинекей окурмандар Улуу Ата Мекендик согуштагы бабалардын эрдиктери тууралуу кызыктуу материалдарды окуп, бул темада суроо-викториналарга жооп бере алышат. Мындан тышкары, албетте кызыктуу жомокторго ортоктош болуп, сүрөт-оюндарга катыша алышат.
Ал эми орус тилин үйрөнгүсү келгендер дагы кызыктуу суроолорго жооп берип,табышмактардын жандырмагын тапса болот дейт журналдын башкы редактору.