"Эркин-Тоо"

Бакай-Ата райондук сотунун судьясы пара менен кармалды — ВИДЕО

Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунун судьясы тарабынан 25 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган судья Т.Б.Ш. жабырлануучудан мурда 5 миң сом өлчөмүндө пара алып, кийин 2022-жылдын март айында сот отурумунун катчысы аркылуу белгиленген сумманын бир бөлүгү 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын айдоо жерлерин бөлүштүрүү боюнча каралып жаткан жарандык иш боюнча оң чечим чыгаруу үчүн алганы аныкталды.

Райондук соттун судьясынын кылмыштуу аракетине бөгөт коюу жана документтештирүү максатында, бул факт Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (Опузалап пара алуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

2022-жылдын 16-апрелинде Бакай-Ата райондук сотунун судьясы Т.Б.Ш. паранын калган суммасын алып жаткан жеринен

кармалды.

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!