Бактыбек Калмаматов президенттикке талапкерлигин койду
Бактыбек Калмаматов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз тапшырды.
БШКнын маалыматына ылайык, бүгүн, 11-ноябрда, Бактыбек Орозалиевич Калмаматов президенттик шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде катышуу ниетин билдирип, тиешелүү арыз менен кайрылган.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.