Балдар бюджетин маркировкалоо талкууланды
26-нобярда Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын демилгеси менен, Финансы министрлиги жана ЮНИСЕФ менен биргеликте «Казна.Бюджет» системасында балдарга багытталган бюджеттик чыгымдарды маркировкалоо боюнча тегерек стол өттү.
Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Билим берүү министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, жарандык коомдун өкүлдөрү, ошондой эле балдар жана өспүрүмдөр катышты.
Өз сөзүндө Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева бул жолугушуу Дүйнөлүк балдар күнүнө — БУУнун Балдар укуктары жөнүндө конвенциясынын кабыл алынган күнүнө арналганын белгиледи.![]()
«Кыргыз Республикасы Конвенциянын катышуучусу болгондон бери отуз жылдан ашты. Бүгүн биз бул милдеттенмелер мамлекеттик бюджетте кантип чагылдырылып жатканы жөнүндө сүйлөшүп жатабыз», — деди ал.
Асель Чынбаева акыркы жылдары Кыргызстанда балдар үчүн көп иш жасалганын айтып, Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 550 социалдык кызматкердин штаттык бирдиги киргизилип, алар бүгүн өлкө боюнча иштеп жатканына токтолду.
Тоолуу аймактарда үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул берилип, быйыл бардык балдар үчүн «Бала ырысы» универсалдуу жөлөкпулу киргизилди, аны азыр чейрек миллиондон ашуун бала алууда. Ошол эле учурда Ыйгарым укуктуу өкүл балдардын укуктарын коргоо жөлөкпул менен эле чектелбей турганын баса белгиледи.
«Баланын жыргалчылыгы эненин жана баланын ден соолугуна, тамактанууга жана алгачкы жылдардагы камкордукка, эрте өнүгүүгө жана сапаттуу билимге, үй-бүлөнү социалдык коргоого, майыптыгы бар балдарды колдоого, зомбулуктан жана кароосуздуктан коргоого көз каранды. Бул багыттардын ар бири үчүн ар кайсы ведомстволор жооп берет», — деди өз сөзүндө Асель Чынбаева.
Ошондой эле ал, маркировканын маңызын жөнөкөй түшүндүрдү: балдарга багытталган чыгымдар бюджеттик системада атайын белги алат, ошол белги аркылуу ар кайсы ведомстволордун маалыматын чогултуп, каражат кайда кетип жатканын, анын жетиштүү экенин жана көлөмү кантип өзгөрүп жатканын көрүүгө болот.
Тегерек столдо майыптыгы бар балдарды колдоого багытталган чыгымдар өзүнчө каралды. Аларды азыр социалдык коргоо, саламаттык сактоо, билим берүү органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары каржылайт, бирок жалпы сумма көрүнбөйт. Ошондуктан пилоттук маркировканы так ушул багыттан баштоо сунушталды.