Балдар дүйнөсүнө саякат

3-июнь, 2021-ж. / Редакция / Коом 35

Бишкектеги №4- балдар искусство мектебинде «Жашоо балдардын көзү менен» аттуу балдардын сүрөт көргөзмөсү башталды. Бардык эмгектер №4- балдар искусство мектебинин көркөм сүрөт бөлүмүнүн окуучулары тарабынан тартылган. Жаш сүрөтчүлөргө Эл сүрөтчүсү Таалай Курманов жана мугалим Светлана Лобова көркөм сүрөт өнөрүн үйрөтүшөт. Чыгармалардын арасынан живопись, графика, скульптура, моделдөө, токуу, көркөм кол өнөрчүлүк буюмдарын көрүүгө болот. Көргөзмөдө үй-бүлөнүн ачылыш күнү, биздин Кыргызстан, Бишкек жашоо үчүн, Бишкек балдар үчүн темалары сунушталат. Шаардын коноктору балдардын укмуштуудай пластилинден жасалган эмгектерин, квиллинг техникаларын, сүрөттөрдү жана башка эмгектерин көрө алышат. Ошондой эле шаарыбыздагы Семён Чуйковдун үй-музейинде Чуйков көчөсү 87а дарегинде дагы бир “Балдар дүйнөнү боёшот” аттуу көргөзмө өз ишин баштады. Сүрөт көргөзмө 1-июндан 10-июнга чейин созулат.

3-июнь, 2021-ж. / Редакция / Коом 35
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X