Балдардын тамагы көзөмөлсүз калбашы керек — депутат

11-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 71

Кыргызстанда мектеп ашканаларында сатылган азык-түлүктөрдүн сапатына жана коопсуздугуна көзөмөлдү күчөтүү сунушталды. Буга ата-энелерден түшкөн көптөгөн даттануулар себеп болгон.

Бул тууралуу 11-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Омурзаков билдирди.

Эл өкүлү Агартуу министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлигине кайрылып, мектеп окуучуларына сунушталган азык-түлүктөрдүн сапатына жана коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Анын айтымында, ата-энелердин даттануулары мектеп ашканаларынын ишине көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын көрсөтүүдө.

Депутат балдарды сапаттуу жана коопсуз тамак-аш менен камсыздоо жооптуу мамлекеттик органдардын негизги милдеттеринин бири болушу керектигин белгиледи.

11-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 71
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X