"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Балыкчыдан 2 ок атуучу курал табылды

УКМК Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын четинен «Макаров» тапанчасы жана револьвер түрүндөгү ок атуучу курал табылганын билдирди.

Маалыматка ылайык, куралдардын номерлери атайылап өчүрүлгөн. УКМК табылган куралдар уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө тиешелүү болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Учурда курал-жаракты мыйзамсыз сатууга жана таратууга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылууда.