ТИМ: 9 600дөй чет элдик жаран өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштырды
Кыргызстанда 2025-жылы 9 600дөй чет элдик жаран өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Мыйзамдаштыруу министрликтин демилгеси жана өлкө жетекчилигинин колдоосу менен мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерге «миграциялык мунапыстын» алкагында жүргүзүлдү.
«Аталган мунапыс болжол менен 9 600 чет элдик жаранга өлкөдөн чыкпай туруп Кыргызстанда жүрүүсүн мыйзамдаштырууга мүмкүндүк берди. Ал эми 1 700дөн ашык адам өз ыктыяры менен республикадан чыгып кетти», – деп айтылат маалыматта.