Салыктын планы ашыгы менен аткарылууда
Быйылкы жылга салык боюнча план 268 млрд сом болсо, жыл аягына чейин 303 млрд сом чогултабыз деген максат бар экенин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылдагы 11 айдын жыйынтыгы менен 275 млрд сом салык чогултулган. “Биринчи коюлган план 12 эмес, 11 айда эле ашыгы менен аткарылды. Азыр бюджет менен планда дагы өзгөртуулөр болуп жатат. Бирок, жалпысынан 303 млрд дегенибизде биз дээрлик 35 млрд сом ашыкча чогултуудабыз” деди. Бул мамлекеттик милдеттемелерди толук кандуу аткарып, кошумча колдоо көрсөткөнгө мумкүнчүлүк болуп жатат. Ал эми камсыздандыруу төлөм боюнча жылдык план 75 млрд сом болсо, 82 млрд чогултуп, дээрлик 7 млрд ашыгы менен жыйналууда. Эске салсак, быйыл салыктык жеңилдиктер берилип, салыктар боюнча ставкалар төмөндөтулгөн. Ошого карабастан ири көлөмдө салык чогултулууда.