Бардык жеке менчик бала бакчалар текшерилет

9-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 45

Билим берүү жана илим министрлиги  бардык жеке менчик бала бакчалардын ишине көз салат. Бул тууралуу  БИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, интернетке чыккан Бишкектеги «Ала-Тоо» турак жай комплексиндеги жеке менчик бала бакчада 5 жаштагы баланын сабалгандыгына байланыштуу, Министрлик бардык бала бакчаларга мониторинг жүргүзөт.

Белгилей кетүүчү нерсе, жабырлануучу тарап көрсөткөн Бишкектин  Исакеев көчөсүнүн 13 дарегинде жайгашкан «Ала-Тоо» турак жай комплексиндеги жеке менчик бала бакчага Министрлик тарабынан лицензия берилген эмес.

«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамына ылайык, лицензиялоодон өткөн гана жеке менчик билим берүү уюмдарына билим берүү ишин жүргүзүүгө уруксат берилет.  Алар билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарында белгиленген талаптардын деңгээлинде кепилдикке алынган балдардын билим сапатын жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылууга милдеттендирилет» , — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар билим берүү ишин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жободо белгиленген тартипте лицензия алууга милдеттүү.Ошондуктан, ата-энелер балдарын жеке менчик бала бакчаларга берүүдө сөзсүз түрдө алардын укуктук ченемдик документтери менен таанышып, эки тараптуу келишим түзүшү зарыл.

Ал эми аталган бала бакча ээсинин мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөндүгү аныкталса,  мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 9-мартта  Бишкектин жеке менчик бала бакчасынын жетекчилиги тарабынан 5 жаштагы баланын  сабалганы тууралуу интернетке тараган.

 

9-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 45
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X