БАШАР АСАД МОСКВАДАН БАШПААНЕК ТАПТЫ

10-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 38

Сириянын Президенти Башар Асад бийликтен кулатылгандан кийин Орусиядан башпаанек сурап, азыркы учурда Москвада экенин ТАСС жана башка мамлекеттик маалымат каражаттары Кремлдеги булакка таянып, 8-декабрдын кечинде кабарлаганы менен дайын болду. Ал маалыматта, «Асад бардык үй-бүлө мүчөлөрү менен Москвага келди, Орусия гуманитардык негизде аларга башпаанек берди» деп тастыкталган.

ТАССтын расмий маалыматында, Башар Асаддын президенттик ыйгарым укуктарын тапшырганы тууралуу билдирилген эмес. Аны «мурдагы президент» деп берген. Асад сүйлөшүүлөрдөн кийин өз ыктыяры менен отставкага кетүүнү чечип, бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү үчүн көрсөтмөлөрдү берип, кызматынан кеткенин билдирген. «Орусия бул сүйлөшүүлөргө катышкан жок» деп маалымдаган. Мунун алдында Сириянын куралдуу күчтөрүнө каршы күрөшүп жаткан оппозициялык топтордун башчылары Б. Асаддын режими кулаганын, саясий туткундар бошотулганын жарыялашкан. Алар мамлекеттик телерадиодон элге кайрылып, козголоңчуларды жана жарандарды мамлекеттин менчигин талкалабай, сактоого чакырышкан.

РФда Владимир Путин чейрек кылым мурда мамлекеттик бийликти колго алганда, расмий Москванын ыдырап бараткан дүйнөлүк держава статусун калыбына келтирүүгө киришкени маалым. 15 жылдан кийин Орусия эл аралык аренада аны менен бүт дүйнө жүзү эсептеше турган күчкө ээ болуп кайра калыптанганынын далили катары Сириядагы жарандык согушка аскерий кийлигишүүсү менен өзүн көрсөткөн.

Расмий Москва да, Улуу Британия, Германия, Канада, Франция, Япония, АКШ сыяктуу экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирип, дүйнөлүк алкакта бүтүндөй Жакынкы Чыгышты, Батышка каршы өз таасирин кеңейтүү үчүн колдонууга аракет кылып келгени жашыруун эмес эле. Москванын негизги өнөктөшү болгон Сириянын Президенти Башар Асаддын өкмөтүнүн бийликтен кулаганы Орусиянын улуу державалык амбицияларына олуттуу сокку урарын боолгологон саясий эксперттер өз пикирин билдире баштады.

Жакынкы Чыгыш боюнча эксперт Филип Смит соңку кырдаалдагы Орусиянын абалын мындайча түшүндүргөн: «В.Путиндин Сириядагы аскердик колдоосунун негизги максаты – Орусияны улуу держава катары дүйнөгө таанытуу болгон. Сирияны жоготуу Владимир Путинди жаакка чапкандай эле болду» деп өз оюн билдирген. Башар Асаддын бийлигинин кулашы Орусиянын аброюна гана эмес, ага стратегиялык жактан да чоң сокку болору айтылууда. Сирияда Орусиянын эки чоң аскерий объектиси жайгашкан. Алар – Хмеймимдеги Аскерий аба базасы жана Тартустагы аскер деңиз флот базасы. Деңиз флот базасы аркылуу Москва Жер Ортолук деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүн алып келгени маалым. «Орусия Сириядагы аскерий базалары менен Жер Ортолук деңизине, ал эле эмес, бүткүл Жакынкы Чыгышка өз күчүн көрсөтүү үчүн пайдаланып келген» деп кошумчалаган Филип Смит.

Орусиянын аскерий аба күчтөрүнүн жардамы менен 2015-жылы сириялык армия козголоңчулар ээлеген аймактарды кайра кайтарып алганы айтылып келет. Расмий Москванын Сирия менен өнөктөштүгү Орусия Украинанын Крым жарым аралына басып кирип, жикчил күчтөрдү колдогондон бир жылдан кийин башталган. РФ Сириядагы жана Украинадагы жаңжалдарга кийлигишип, өзүн АКШга, НАТОго жана бүтүндөй Батышка чакырык таштоого жөндөмдүү күч катары көрсөтүү менен бирге Жер Ортолук деңизинен Африка жана Латын Америкасына чейин глобалдык таасирин кеңейтүү аракетин көрүп келгенин эксперттер маалымдап келет. Орусиянын 2022-жылдын февраль айында Украинага кеңири масштабдагы басып кирүүсүнөн кийин Сирия Москвага керек болгону менен эки фронтто аскердик аракеттерди көрүү кыйынга турганын да айтышууда.

Башар Асаддын өкмөтү бийликтен кулагандан кийин РФнын Сириядагы аскердик потенциалы азайышын болжолдоп жатышат. Орусия буга чейин Украина басып алган Курск аймагын кайтарып алуу үчүн контрчабуулга чоң каражат жумшап, атүгүл Түндүк Кореянын аскерлеринин жардамына муктаж болгон. Ошол эле учурда Украинанын чыгышында мүмкүн болушунча көбүрөөк аймакты басып алууга аракет кылып жатат деген пикирлер айтылууда. Учурда Сириянын батышында, Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги орус аскердик объектилерин АКШ террордук уюм деп тааныган “Хаят Тахрир аш-Шам” менен бирдикте алардын союздаштары жетектеген согушкерлер басып алышы да мүмкүн, деген пикирлер да бар.

«Хаят Тахрир аш-Шам» радикал тобу менен алардын союздаштары жетектеген согушкерлердин колуна өткөн Дамаскиге жардам берүү үчүн Россия учурда өз аскерлерин жиберген эмес. 2024-жылдын ноябрь айынын аягында козголоңчулар Башар Асаддын куралдуу күчтөрүнө каршы чабуул баштагандан бери Орусия абадан катуу сокку урганы айтылып келет. Бирок Москванын кийлигишүүсү ко зголоңчулардын чабуулун, алардын тынымсыз алдыга жылышын токтото алган эмес, деген маалыматтар айтылып келүүдө.

Эксперттер, Сириядагы азыркы абалдын Орусия үчүн баасы жогору болорун маалымдашууда. “Чет өлкөдө аскердик жана саясий таасирин сактап калуу жагынан Орусиянын дүйнөлүк держава болуп калуу аракетине Башар Асаддын өкмөтүнүн бийликтен кулаганы катуу сокку болот” деп тыянак чыгаргандар да бар. «Хайят Тахрир аш-Шам» исламчыл тобу жетектеген козголоңчулар соңку бир нече күн ичинде ири Алеппо шаарын, андан сырткары ондон ашык айыл-кыштакты өз карамагына алууга жетишкени кабарланууда. Козголоңчулар Орус армиясы көзөмөлдөгөн Хмеймим аскерий авиабазасына 35 чакырымга жакындап келгени да маалым болду. “Хайят Тахрир аш-Шамдан” тышкары козголоңчулардын катарында Түркия колдогон кошуундар да бар. Алар өзүлөрүн Сириянын улуттук армиясы деп аташат. Чоң жетилик деп аталган державалардын таасир талашуусу менен адамзат кайрадан үчүнчү дүйнөлүк согуштун улагасына келип калганын байкабай калган жокпу? – деген жоопсуз суроолор да эл арасында жок эмес.

                                                                                                                     Бахпурбек Аленов

 

10-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 38
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X