Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин буйругу менен А.Осмонов атындагы улуттук китепкананын директору болуп Нуржан Иманкулова дайындалды. Эске салсак, буга чейин ушул кызматта Жылдыз Бакашова башка кызматка өткөндөгүнө байланыштуу ал кызмат ордунан бошотулган. Жаңы жетекчи 1993-жылы Фрунзе политехникалык институтун, 2001-жылы — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын, 2018-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган. 2017-жылдан 2021-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында окутуучу болуп иштеген.