Башкы прокуратура Коргоо министрлигинин жетекчилерине сабак өттү
Кыргызстандын Коргоо министрлигинде жетекчи курамдын катышуусунда өтүп жаткан оперативдик жыйында коррупцияга каршы күрөшүү маселелери каралды.
18-ноябрда Коргоо министринин орун басары, полковник Алмазбек Кулмурзаевдин жетекчилиги алдында өткөн жыйында Башкы прокуратуранын өкүлдөрү Р. Бейшалиев жана Р. Тагаев кызматкерлерге коррупциянын алдын алуу, мыйзам талаптарын сактоо жана кызмат адамдарынын жеке жоопкерчилиги боюнча сабак өтүштү.
Анда коррупциялык укук бузууларды алдын алуу жана мындай көрүнүштөргө жол бербөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.