Өлкөдө беш жаңы бассейн башкармалыгы түзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетининен билдиришти. Башкармалыктарды түзүү боюнча токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 11-январда кол койгон.
Түзүлгөн бассейн башкармалыктар:
«Талас суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы»;
«Чүй суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы»;
«Ысык-Көл — Тарим суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы»;
«Нарын — Сыр-Дарыя суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы»;
«Кара-Дарыя — Сыр-Дарыя — Аму-Дарыя суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы».
Эске салсак, буга чейин өлкөдө суу ресурстарын беш гидрографиялык бассейнге бөлүп башкаруу каралганы, алар мөңгүдөн тартып өлкөнүн чек арасына чейинки суу ресурстарын сактоо, коргоо жана пайдалануу боюнча комплекстүү иш алып барары айтылган.