Баткен: Абал турукташып, тургундар үйлөрүнө кайтууда

13-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 38

ӨКМдин басма сөз кызматынын саат 12:00гө карата берген маалыматы боюнча Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда абал туруктуу. Жергиликтүү тургундар үйлөрүнө кайта башташты.  Тактап айтканда, өз алдынча эвакуацияланган 17 миң 799 жарандын ичинен 8 миң 687 адам туруктуу жашаган ордуларына кайтышты.

Ал эми ӨКМ тарабынан убактылуу жайга жайгаштырылган Лейлек районунун 554 жараны толугу менен жана Баткен районунда 33 жаран үйлөрүнө кетишти.

Мындан сырткары, 80ге жакын куткаруучу тартылып, тиешелүү 7 техника даярдыкта турат. Ошондой эле жарандарды ташуу үчүн райондук жарандык коргонуунун автотранспорт кызматынан 44 автоунаа тартылды.

Эскерте кетсек, кечээ, 12-апрель күнү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал курчуп, тажик аскерлери Кыргызстандын чек ара кызматкерлерине ок чыгарышкан. Натыйжада, чек арага жакын жайгашкан айылдардан жалпы 18 миң 507 жаран эвакуацияланган.  Анын ичинен туугандарынын үйлөрүнө өз алдынча жайгашканы 17 миң 799 жаран (3 миң 398 үй-бүлө), ал эми убактылуу жайларга жайгашкан тургундардын саны 708 жаранды түзгөн.

 

13-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 38
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X