Баткен: Максат айылынын тургундарына жаңы документтер берилди

Баткен облусунда чек ара жаңжалынан жабыркаган жарандардын документтерин калыбына келтирүү иштери уланууда деп билдирет Мамлекеттик каттоо кызматы.
МККнын калкты каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Максат айылындагы жаңжал учурунда жоголгон ID паспортторду даярдоого 27 арыз кабыл алышты. Бүгүн алардын 18и, ошондой эле 38 туулгандыгы жөнүндө жана 6 нике күбөлүгү берилген. Мындан тышкары жалпы жарандык паспортторду даярдоого 5 арыз кабыл алынды. Аларга жаңы биометрикалык паспорттор даяр болушу менен берилет. Документтерди Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов жана Максал айылынын башчысы Кубатбек Нышанов расмий тапшырышты. Кыргыз-тажик жаңжалы учурунда жапа чеккен жарандар үчүн бардык документтер МККнын кызматкерлеринин эсебинен акысыз даярдалат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X