Жыл башынан бери Баткен облусунда үй тибиндеги 29 бала бакча ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Учурда бала бакчаларда 676 бөбөк тарбияланууда.
“Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында үй тибиндеги бала бакчаларды ачууга кызыкдар тараптарга мамлекет тарабынан жеңилдетилген шарттар каралган. Анда ишкерлер салык жана башка төлөмдөрдөн бошотулат.